Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аскералиева: органикалык өндүрүштүн улуттук стандарты иштелип чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековОрганикалык айыл чарба департаментинин директору Бактыгүл Аскералиева
Органикалык айыл чарба департаментинин директору Бактыгүл Аскералиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Органикалык айыл чарба департаментинин директору Бактыгүл Аскералиева органикалык өндүрүш боюнча улуттук стандарт долбоору иштелип чыккандыгын айтты.
Долбоор органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү жана органикалык айыл чарбасы менен алектенген фермерлердин дараметин жогорулатуу максатында ишке ашат. Бул тууралуу Бактыгүл Аскералиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Аскералиева: органикалык өндүрүштүн улуттук стандарты иштелип чыкты
Анын айтымында, Кыргызстандын климаттык шартын жана башка өлкөлөрдүн стандарттарын эске алуу менен атайын түзүлгөн техникалык комитеттин жардамы менен долбоор даярдалган.
"Белгилүү болгондой, ар бир өлкөнүн органикалык өндүрүш боюнча улуттук стандарты болот. "Органикалык өндүрүш. Өндүрүү, сактоо, кайра иштетүү жана ташуу боюнча талаптары" улуттук стандарты ушул жылдын 21-апрелинде кабыл алынды. Анда өсүмдүктөрдөн баштап эт өндүрүүгө чейин бардыгы камтылып, Кыргызстандын климаттык шартын жана башка өлкөлөрдүн стандарттарын эске алуу менен оптималдуу эреже түзүлдү. Ошондой эле экологиялык да стандарттар кабыл алынды. Мында тиешелүү өлчөмдө синтетикалык каражаттарды колдонгонго уруксат берилет. Министрлик тарабынан атайын жумушчу топ түзүлүп, органикалык продукцияларды өндүрүп келген тажрыйбалуу адистер, бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү, дыйкандар, мамлекеттик структуралардын кызматкерлери катталган", — деди Аскералиева.
Ошондой эле жетекчи улуттук стандартты иштеп чыгууда Европа биримдигинин модели колдонулганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0