Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эрнис кызы: "Techкыздар" долбоорунун алкагында медициналык тиркеме иштелди

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Techкыздар" долбоорунун катышуучусу Гүлжан Эрнис кызы
Techкыздар долбоорунун катышуучусу Гүлжан Эрнис кызы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
"Techкыздар" долбоорунун катышуучусу Гүлжан Эрнис кызы аталган долбоордун алкагында медициналык тиркеме иштеп чыгышканын айтты.
"Techкыздар" долбоорунун сабактары онлайн режимде өттү. Буга чейин мектепте деле аралыктан окугандыктан онлайн билим алуу кыйын деле болгон жок. Бул тууралуу Гүлжан Эрнис кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Эрнис кызы: "Techкыздар" долбоорунун алкагында медициналык тиркеме иштелди
Анын айтымында, тренингдер күнүнө бир сааттан өткөрүлгөн.
"Окууда санариптик көндүмдөрдөн тышкары өзүңдү өнүктүрүү, адамдар менен баарлашуу, команда менен иштешүү, креативдүүлүк жана критикалык ой-жүгүртүү боюнча да сабак алдык. Мен долбоордун алкагында SMM-таргет тармагын өздөштүрдүм. Себеби буга чейин ушул жаатка кызыгып, изилдеп жаткам. Окуунун аягында биздин команда медициналык демоверсиядагы тиркеме иштеп чыктык. Бул тиркеме аркылуу мектеп жашындагы өспүрүмдөр медициналык билим, маалымат ала алышат. Мындайча айтканда, өзүнө же жанындагыларга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөнүп, базалык маалымат берилет. Учурунда биз рынокту изилдеген эмеспиз. Кийин башка да ушул сыяктуу тиркемелерди карап чыгып, жакшы жактарын үлгү катары алып, анан продукциянын кемчиликтерин оңдодук", — деди Эрнис кызы.
Ал тиркемеге жетиштүү, туура маалымат жайгаштарыш үчүн ар багыттагы медкызматкерлер менен байланышуу көп убакытты алганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0