Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кайыпов: учурдагы төкмөлөрдүн өз ыргагы, табигый стили жок

© Sputnik / Табылды КадырбековФольклорст-этнограф, писатель-публицист Сулайман Кайыпов
Фольклорст-этнограф, писатель-публицист Сулайман Кайыпов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Фольклорчу-этногрaф, жазуучу-публицист, филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов акындык доордун классикалык мезгилине салыштырып эмнелерди жоготконубузду айтып берди.
Учурдагы төкмөлөрдүн өз ыргагы жок болуп, даяр обон, ыргактарга түшүп кетишүүдө. Мындай пикирин Сулайман Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Кайыпов: учурдагы төкмөлөрдүн өз ыргагы, табигый стили жок
Анын айтымында, илгери ар бир акындын өз обону, стили болгон.
"Ысмайыл Борончиев, Калык Акиев, Барпы Алыкулов, Жеңижоктун (Өтө Көкө уулу) өз обону болгон. Аны атайын ырчы, обончуларга чыгартып колдонгон эмес. Ыргагы темпераментине, стилине, ал тургай кебетесине туура келе турган. Кийинки акындардан Ашыраалы Айталиевдин башын чайкап, бир бакырып анан унчукпай калып кайра ырдап баштаганы ага туура келет, жарашат, башкага анча төп келбейт. Бул жагынан алганда учурдагы төкмөлүк өнөрдө ушул нерселерди жоготуптурбуз. Даяр ыргактар менен ырдап, өз стилин таба албай келишет. Кээ бирлери казактын обонуна салып төгүп жатканы байкалууда. Негизи ар бир акындын өзүнүн табигый ыргагы, стили болуш керек. Себеби ал акындык өнөрдүн табиятын ачат. Мисалы, Идрис Айитбаев өзү ылдам сүйлөйт, ошого туура келген ритм тааптыр. Бирок ал обон өнүгүп өзүнүкү боло элек. Баян Акматов деген акын эпикалык чыгармаларды аткарат. Ошол жакка ыктап, айрым учурда кол ойнотуп күү чертип кетүүдө. Азыркы төкмөлөр Токтогулдай, Эсенамандай, Калыктай, Жеңижоктой өзүнүн обондорун, ыргактарын, ыкмаларын таап алса жакшы болмок. Бул жагынан кемчилик байкалууда", — деди Кайыпов.
Ошондой эле ал учурдун төкмөлөрү публицистикалык маанидеги ырларды жана кошокторду жакшы өнүктүрүп жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0