09:16 24 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660

Мамбеткадыров: Ат-Башыга логистикалык борбор куруу долбоору ачыкталышы керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
44 0 0

Көз карандысыз серепчи, юрист Айдар Мамбеткадыров Ат-Башы районунда логистикалык борборду куруудан мурда жергиликтүү калк менен тыкыр иштешүү керектигин белгиледи.

Ат-Башыда логистикалык борборду куруу боюнча долбоор элге ачыкталып, маалыматтык өнөктүк сапаттуу жүргүзүлүшү керек. Мындай пикирин Айдар Мамбеткадыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Мамбеткадыров: Ат-Башыга логистикалык борбор куруу долбоору ачыкталышы керек

Анын айтымында, Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушу саясий жана экономикалык жагынан каралышы керек.

"Ат-Башы районунда логистикалык борбор курулса, Нарын облусуна экономикалык жактан пайда болмок. Жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болуп, кандайдыр бир локомотив болот деген үмүт бар эле. Бирок буга чейинки бийлик жетиштүү деңгээлде маалыматтык өнөктүк жүргүзгөн эмес. Ал тургай жергиликтүү бийлик, ошол борборду кура турган инвестициялык топтун чоңу дагы толук маалымат бере албады. Мындан улам жергиликтүү калк каршы чыгып, долбоор токтотулган. Ошондуктан бул жолу долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук бекем сакталышы керек. Эмне курулат, ким курат, кандай иш жүргүзүлөт деген суроолорго так жооптор берилиши зарыл. Кадимки үгүт өнөктүгү жүргүзүлүп келгендей маалыматтык кампания жасалышы шарт. Жергиликтүү калктын ар бирине түшүнүктүү болгудай аракеттер көрүлүшү керек. Мындан тышкары, келишим юристтер тарабынан талданып, дыкат иш жүргүзүлүшү абзел. Кийин Кумтөрдөй болуп соттошуу иштерине чейин жетпегендей болуусу зарыл", — деди Мамбеткадыров.

Серепчи логистикалык борборду Ат-Башы районунун борборуна куруу пайдалуу боло турганын кошумчалады.

Тема боюнча

Жаныбеков: айыл чарбадагы артыкчылыктуу алты багыт белгиленди
Белгилер:
Ат-Башы, экономика, инвестор, логистикалык борбор, долбоор, Айдар Мамбеткадыров

ЭҢ МААНИЛҮҮ