Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сатылганова: "Techкыздар" окутуу долбооруна 270 кыз катышты

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Techaim" коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан Бишкектеги "Techкыздар" долбоорунун куратору Асел Сатылганова
Techaim коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан Бишкектеги Techкыздар долбоорунун куратору Асел Сатылганова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
"Techaim" коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан Бишкектеги "Techкыздар" долбоорунун куратору Асел Сатылганова аталган долбоорго жети дубандан 270 кыз катышканын айтты.
"Techaim" коомдук фонду 2019-жылы кыздарды маалыматтык технология жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү максатында жети кыз тарабынан негизделген. Бул тууралуу Асел Сатылганова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Сатылганова: "Techкыздар" окутуу долбооруна 270 кыз катышты
Анын айтымында, "Techкыздар" долбоору Кыргызстандагы аялуу топтогу үй-бүлөнүн кыздарына багытталган.
"Techкыздар" бул жаратман жаштар долбоорунун бир компоненти. Долбоорго 11 айыл аймактагы 13 жаштан 19 жашка чейинки 270 кыз катышты. Бул кыздардын 70 пайызы аялуу топтон тандалып алынган. Алсак, толук эмес үй-бүлөнүн, мигранттардын балдары, жетим, жарым жетим кыздар катышты. Долбоор беш айга созулуп, үч ай мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, SMM, графикалык дизайнер, видеомонтаж сыяктуу санариптик көндүмдөр үйрөтүлдү. Долбоордун катышуучулары беш адамдан турган топко бөлүнүп, тапшырма боюнча ар бири коомго керектүү маселелерди чечүүгө көмөктөшкөн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгышты. Андан соң эл аралык Technovation Girls Challenge таймашына 270 кыздын 170и катышып, бир команда жарым финалга чыкты. Бул иш-чара Америкада өтмөк. Бирок пандемиядан улам онлайн катышмай болушту. Конкурстун жыйынтыгында команда орун ала турган болсо, демоверсия тиркемесин ишке ашырууга каржылык колдоо алышат. Ал эми ушул эле сынак Кыргызстанда да өтүп, анда биздин эки команда номинацияга ээ болду", — деди Сатылганова.
Куратор долбоорго катышкан кыздар бүтүрүүчү класстын окуучулары болгондуктан, алар менен психологдор иштеп, профориентация боюнча тесттен өткөрүлгөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0