Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Уезбаев: күндүн ысыгынан наристелер жана улгайган адамдар жабыркашат

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев күндүн ысыгынан көбүнесе беш жашка чейинки наристелер жабыркай турганын айтты.
Жаш балдардын коргонуу иммундук системасы калыптанбагандыктан күндүн ысыгы түрдүү ооруларга алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин Сагынбек Уезбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Уезбаев: күндүн ысыгынан наристелер жана улгайган адамдар жабыркашат
Анын айтымында, аба ырайынын кескин ысышы жүрөк-кан тамыр оорулары бар улгайган адамдар үчүн да кооптуу.
"Күн ысыкта кийимге көңүл буруу зарыл. Терди сыртка чыгара тургандай шартты түзүү керек. Табигый кездемеден тигилген кийимдерди сунуштайм. Негизи ысыктан көп учурда бир жашка жана беш жашка чейинки курактагы наристелер жабыркайт. Анткени алардын коргонуу иммундук системасы калыптанган эмес. Ошол эле учурда жашы өтүп калган адамдар ортосунда да түрдүү көйгөйлөр жаралат. Мисалы, өнөкөт оорулары, өзгөчө жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар арасында кооптуу учурлар көп кездешет. Себеби организм толук кандуу иш алып барбагандыктан ысыктан кыйналышат. Андыктан күндүн ысыгында көчөгө чыгуу сунушталбайт. Жолдо жүргөндө сөзсүз суу ичип, акыбалына көз салып туруу кажет. Адатта ысык өтүүнүн белгилери болот. Кан коюуланып, анын кесепетинен баш ооруп, кан басым көтөрүлөт. Адам алсырап, кускусу келе баштаганда көлөкөгө баш тартат. Мындай учурда жанындагы адамга өзүн жаман сезип жатканын айтып, өтө олуттуу болсо тез жардам чакыруу керек", — деди Уезбаев.
Адис коронавирустун жайылышы аба ырайынын ысышынан көз каранды эместигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0