Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Окенов: жасалма интеллект боюнча адистерге суроо-талап жогору

© Sputnik / Табылды КадырбековUlut Soft компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов
Ulut Soft компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
Ulut Soft компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов Кыргызстанда жасалма интеллект түзүү деңгээлине ортодон төмөн баа берилерин айтты.
Кыска мөөнөттө жасалма интеллект жасап жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачса болот. Мындай пикирин Мирбек Окенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Окенов: жасалма интеллект боюнча адистерге суроо-талап жогору
Анын айтымында, жасалма интеллект жасоого каражат көп талап кылынгандыктан өнүгүү жай жүрүүдө.
"Кыргызстанда жасалма интеллект түзүү 10 баллдан үч деген баа берсе болот. Бирок биздеги абал өтө жаман эмес. Дүйнөдө да бул тармак толук иликтенип, жолго коюла элек. Философиялык жактан пикирлер кагылышы болууда. Кээ бирлери анын жакшы тараптарын санап жатса, башкалары адамзатты жок кылат деген ойлору менен бөлүшүүдө. Эгерде туура кадамдарды таштасак, тез убакытта өнүгүүнү колго ала алабыз. Азыркы абалыбыздын төмөн болуп жатканы каражаттын тартыштыгы. Мисалы, жасалма интеллектти ишке киргизүү үчүн абдан кубаттуу компьютерлер керек. Орто Азияда биздин өзүбүздүн ордубуз бар. Буга чейин компьютерлер болгону анализ чыгарып, жардамчы болуп келсе, эми маалыматты анализдеп, чечим чыгарып, анын негизинде иш жүзүнө ашыра баштады. Жасалма интеллект боюнча адистерге дүйнө жүзү боюнча суроо-талап жогорулап, анын маанилүүлүгү артууда, — деди Окенов.
Ошондой эле адис өлкөдө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин түзүлүшү маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект багытындагы чоң секирик экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0