Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Букарадинов: эми ыктыярчыларга электрондук паспорт берилет

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Рысбек Букарадинов
Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Рысбек Букарадинов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Рысбек Букарадинов өлкөдө COVID боюнча кырдаалдан улам ыктыярчылардын жардамы керек болорун айтты.
Былтыр пандемия учурунда ыктыярчылардын эмгеги зор болду. Арасында жол эрежелерин бузуп чоң айып пулдарга кептелгендери болсо, кээ бирөөлөр ыктыярчы атын жамынып терс аракеттерди жасаган учурлар катталды. Мындай маалыматты Рысбек Букарадинов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Букарадинов: эми ыктыярчыларга электрондук паспорт берилет
Анын айтымында, ыктыярчылардын ишин иреттөө максатында эми аларга электрондук паспорттор берилет.
"Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги учурда жеке ыктыярчылар жана ыктыярчы уюмдардын башын бириктирген жакшы аянтча түзүп берүүдө. Анын негизги себеби өлкөдө COVID-19 вирусу боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын чыңалып жатышы. Алсак, Бишкек, Чүй аймагында 30дан 60ка жакын атайын уюмдар бар. Өткөн жылдагы кыйын учурда алар эбегейсиз чоң иш кылышты. Бирок кээде катталып алып, туура эмес аракеттерди жасагандары болгон. Эми мындай көрүнүшкө бөгөт коюу максатында электрондук паспорт жасалат. Анда ар бир ыктыярчы жеке QR коду бар тастыктамага ээ болот. Бирок бул документти бергенге чейин алардан толук маалымат алынып, тиешелүү окуудан өтүшөт. Жардамга кол сунуп келгендерге айлык төлөнбөйт. Ар бири колунан келген гана жардамын берип, көмөк көрсөтө алышат. Ыктыярчы болуп, кыйын кырдаалда жардам бергиси келгендер https://dobro.med.kg/ сайтынан катталышы керек", — деди Букарадинов.
Ошондой эле адис электрондук порталдын ичине ыктыярчыларды окутуп, үйрөтүү үчүн керектүү материалдар камтыла тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0