Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Колдошев: БМПКга "улуттук тарбия" деген сабак киргизүүдөбүз

© Sputnik / Асель СыдыковаТаштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин директору Түмөнбай Колдошев
Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин директору Түмөнбай Колдошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин директору Түмөнбай Колдошев аталган окуу жай беш багыттагы кесип ээлерин даярдап чыгарарын айтты.
Колледжге "улуттук тарбия" деген жаңы сабакты киргизүүнү пландап жатабыз. 2021-2022-окуу жылында бардык факультеттердин 1-курстарына же мүмкүнчүлүгүбүз жетпей калса бир группага сынамык иретинде окутуп баштайбыз. Бул тууралуу Түмөнбай Колдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Колдошев: БМПКга "улуттук тарбия" деген сабак киргизүүдөбүз
Анын айтымында, аталган колледж "музыкалык педагогикалык" деген статусу бар өлкөдөгү жалгыз окуу жай болуп эсептелет.
"Байкасаңыз, мектеп окуучулары, студенттер өздөрүнө сабак берген мугалимдер менен гана учурашат. Бул кадимки көрүнүшкө айланган. Негизи тарбия берүү багытында окуу жайлар аксап келебиз. Биздин колледждин жамааты келген студенттер бир гана билим алып кетпестен, таалим, тарбиясын да бышыктап окуу жайды бүтүрсө деп тилек кылабыз. Андыктан "улуттук тарбия" сабагын жаңы окуу жылынан тарта киргизүүнү пландап жатабыз. Мындай предмет республика боюнча Ош мамлекеттик университетинде гана бар. Биз дагы алгач сынамык иретинде биринчи курстарга же мүмкүнчүлүгүбүз жетпей калса бир группага киргизели деп турабыз", — деди Колдошев.
Ал колледж жалпысынан беш багыттагы педагогикалык адистерди даярдап чыгарарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0