Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Темиркулов: депутаттар преференттик шайлоонун негизинде келиши зарыл

© Sputnik / Асель СыдыковаСаясат таануучу, илимдин доктору Азамат Темиркулов
Саясат таануучу, илимдин доктору Азамат Темиркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Саясат таануучу, илимдин доктору Азамат Темиркулов парламенттин деңгээлин жогорулатуу үчүн преференттик добуш берүү системасын киргизүү зарылдыгын айтты.
Партиялык системаны чанып, бир мандаттууга өтүүдөн парламент жакшырып кетпейт. Мындай пикирин Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Темиркулов: депутаттар преференттик шайлоонун негизинде келиши зарыл
Анын айтымында, ар бир шайлоо сайын Жогорку Кеңештин бедели түшүүдө. Анткени добуш берүү таза жүрбөй жатат.
"Партиялык система менен шайлоо өткөрүп, ал тургай парламенттик башкарууга аракет жасаган өлкө болуп да жашап көрдүк. Тилекке каршы, мындан Жогорку Кеңештин табияты өзгөрүп, бедели көтөрүлүп кеткен жок. Кайрадан 15 жыл мурдагы, бир мандаттуу системаны туура көрүп отурабыз. Бирок биз жакшы билебиз да, анда эле шайлоочулар "биздин кулунубуз", "жердешим", анан "ким акчаны көп берет" деген критерийлер менен шайлап калат. Демек, бул дагы бизге оң натыйжа бербейт. Андыктан партиялык системада, бирок тизмеге талапкерлердин аты-жөнүн көрсөтүп, шайлоочуга партиянын ичиндеги конкреттүү бир адамга добуш берүү мүмкүнчүлүгүн сунушташыбыз керек. Ошондо гана акчасы көп олигархтар, соодалашкан бизнесмендер же аткаруу бийлигинин жек-жааты эмес, чыныгы билимдүү талапкерлердин депутат болушуна жол ачылат", — деди Темиркулов.
Ал ошондой эле шайлоочулар өздөрү да тууганчылык, коррупция түшүнүктөрүнөн арылып, таза шайлоого умтулмайын мыйзам чыгаруу органынын абалы начар бойдон кала берерин кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0