Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өмүрзаков: эми айыл өкмөт, мэрлер муниципалдык резервден тандалат

© Sputnik / Эркин СадыковМамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков
Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Жазылуу
Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков кадр саясаты тармагында жаңы стратегия иштелип чыкканын белгиледи.
Кийинки шайлоодон тарта айыл өкмөт, мэрлер сынактан өткөрүлөт. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Өмүрзаков: эми айыл өкмөт, мэрлер муниципалдык резервден тандалат
Анын айтымында, атайын муниципалдык резерв түзүлүп, талапкерлер ага кирет.
"Учурдагы мыйзам боюнча муниципалитеттин башчысын жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлайт. Талапкерди сунуштоого акимдин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары укуктуу. Ортодон бул мыйзамга өзгөртүү киргизип, айыл өкмөткө талапкерди аким гана сунуштай алары мерчемделген. Бирок бул мыйзам өткөн жок. Эми регионалдык мыйзамга өзгөртүү киргизилип, муниципалдык кадрлардын резерви түзүлөт. Ага ылайык, айыл өкмөт башчыларына талапкерлер дагы сынактан өтөт. Учурда процесс башталып, комиссия түзүлүүдө. Ага Мамлекеттик кадр кызматынын аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы, райондук администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы эксперттер кирет. Учурда көпчүлүк айылдарда мурдагы система, мыйзам менен шайлоо өттү. Анда алгачкы жолу айыл өкмөттүн башчылыгына талапкерлер мамлекеттик тилди билүүсү боюнча сынактан өтүштү. Кийинки шайлоого катыша турган айыл өкмөт башчылыгына талапкерлер муниципалдык резервге кириши керек", — деди Өмүрзаков.
Ошондой эле ал Ош жана Бишкектен башка шаарлардын мэрлери дагы муниципалдык резервден шайлана турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0