Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жаанбаева: жалгыз бой ата же энелер да фостердик үй-бүлө боло алат

© Sputnik / Асель СыдыковаЖети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева
Жети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Жети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева 2021-жылдан баштап балдар 18 жашка чейин фостердик үй-бүлөлөрдө кала аларын айтты.
Фостердик үй-бүлөлөргө коюлган талаптар жогору. Алардын психологиялык абалы, кирешеси, бардыгы текшерилет. Эң маанилүүсү, мурда соттолбогон, укук коргоо органдары менен көйгөйү жок ата-эне болуусу зарыл. Бул тууралуу Гүлбара Жаанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жаанбаева: жалгыз бой ата же энелер да фостердик үй-бүлө боло алат
Анын айтымында, фостердик үй-бүлө сөзсүз түрдө аялы, күйөөсүнөн турушу керек деген талап жок. Эгер мүмкүнчүлүгү болсо, жалгыз бой эне же аталар да бул укуктан колдоно алышат.
"Баланын фостердик үй-бүлөдө тарбияланышы, албетте, биринчи кезекте өзү үчүн пайдалуу. Ал үй-бүлө мүчөлөрүндөй болуп эле чарбалык иштерге аралашып, ата, эне, тууган-уругу бар чөйрөдө өсөт. Адамдык мамиле, боорукердик, күнүмдүк турмуштук иштерди үйрөнөт. Бирок балдар үйүнүн тарбиялануучуларын алып эле каалаган адам фостердик ата-эне боло албайт. Анткени балдар үйлөрүндө өзүнүн ата-энеси турмуштук оор кырдаалга туш болгон же убактылуу балага болгон укугунан ажыратылган тарбиялануучулар да бар. Мындай балдарды башка үй-бүлөгө убактылуу жашоого берип жатканда кийин өз ата-энесине кайтарып берүүсү, аларды жамандабай балага туура түшүндүрүү сыяктуу атайын окуулардан өткөрөбүз. Башкача айтканда, балдарды фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштырып эле тим болбостон, аларды өз ата-энеси менен келечекте бириктирүүгө аракет кылабыз. Мурдагы мыйзамдар боюнча, балдар 16 жашка чейин гана фостертик үй-бүлөгө кабыл алынса, ушул жылдан тарта 18 жашка дейре узартылды", — деди Жаанбаева.
Ал ошондой эле фостердик үй-бүлөдө өз балдарын кошкондо бир учурда бештен ашык бала болбошу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0