Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бакиридин кызы: спортчуларды реабилитациялоо боюнча адистер жокко эсе

© Sputnik / Асылбек Бактыбеков Эксперт общественного фонда DzenSoulLook, доктор Жанылмырза Бакиридин кызы
 Эксперт общественного фонда DzenSoulLook, доктор Жанылмырза Бакиридин кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
DzenSoulLook коомдук фондунун эксперти, дарыгер Жаңылмырза Бакиридин кызы спортчуларды жаракаттан кийин калыбына келтирүүдө адистердин жок экендигин айтты.
Советтик мезгилде дене тарбия аркылуу дарылоо адистиги боюнча билим берилип келсе, учурда жаракат алган адамдарды реабилитациядан өткөрүү кыйын. Мындай маалыматты Жаңылмырза Бакиридин кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бакиридин кызы: спортчуларды реабилитациялоо боюнча адистер жокко эсе
Анын айтымында, травматолог, ортопед, терапевттер дене бойду реабилитациялоонун спецификасын жакшы түшүнбөйт.
"Кыргызстанда спортко кызыккандар көбөйүүдө. Мисалы, мындан 10 жыл мурда чуркаган адамдардын саны аз эле. Учурда чуркоого үндөгөн атайын клубдар пайда болуп, машыктыруучулардын көзөмөлүндө алектенгендер да көбөйдү. Бирок машыгуу учурунда аларга кам көрө турган, алган жаракатынан кийин калыбына келтирүүдө көп көйгөйлөр бар. Спорттук реабилитациялоо дарыгерлери өлкөдө жокко эсе. Советтик мезгилде дене тарбия аркылуу дарылоо адистиги боюнча билим берилип келсе, учурда жаракат алган адамдарды реабилитациядан өткөрүү кыйын. Өздөрүнүн багыты боюнча дарылоо жүргүзүп келген травматолог, ортопед, терапевттер спорттук реабилитациялоонун спецификасын жакшы түшүнбөйт. Мисалы, чуркап бутун оорутуп алган бейтап терапевтке кайрылса, мындан ары чуркабоону сунуштайт. Бул туура эмес. Адам машыгуу учурунда ооруп же жаракат алса спорттук реабилитолог оорунун пайда болушуна, себептерине, техникалык кемчиликтерине баа берип, аны аныктоого аракет кылат. Аны менен катар кайрадан спортко кайтып, машыгууларды улантууга шарт түзүп берет", — деди Бакиридин кызы.
Ошондой эле адис адамдын алган жаракатына жараша атайын программанын, ыкмалардын негизинде тапшырмаларды берип көйгөйдү чече тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0