Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Малабаев: Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын эки себеби болгон

© Sputnik / Асель СыдыковаКандидат исторических наук, доцент Саламат Малабаев
Кандидат исторических наук, доцент Саламат Малабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Тарых илимдеринин кандидаты, жалпы тарых кафедрасынын доценти Саламат Малабаев быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 80 жылдыгы экенин айтты.
Фашисттик Германия жана анын коңшу мамлекеттеринин СССРге кол салуусу 1941-жылы 22-июнда Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышына себеп болгон. Бул тууралуу Саламат Малабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Малабаев: Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын эки себеби болгон
Анын айтымында, фашисттик идеология адамдарды расага бөлгөн.
"Улуу Ата Мекендик согуштун башталышына, биринчиден, баягы эле жер маселеси себеп болгон. Адольф Гитлер Германияны үчүнчү чоң империя деп атаган. Ал эми экинчиден, антикоммунисттик идеология себеп десек болот. Германия СССРге каршы баскынчы планын "Барбаросса" (Барбаросса — бул орто кылымдардагы герман императору) деп атаган. Ал план боюнча СССРди 2-3 айда кулатмак. Бирок 316-аткычтар дивизиясынан турган аскерлер ага жол берген жок. Карап көрсөк, айрым саясатчылар же дагы башка адамдар эгер СССР ошол апаатта жеңилип калса, биз жакшы жашамакпыз деп айтып келишет. Бирок бул жаңылыш пикир. Гитлердин генералдык, этностук тазалоо боюнча "Ост" (нем. Generalplan Ost) планын карап көрсөк, славяндарды жоготуп, геноцид кылып, анын ордуна немецтерди жашатмак экен. Орто Азияны басып алса, мамлекеттүүлүк жок болмок. Бул жерде Түркстан деген рейхскомиссариат түзүлмөк. Ошондой эле ал планында эгер кыргыздар жазганды же окуганды үйрөнсө, бизге чоң кесепетин тийгизет деп жазганы бар. Жыйынтыгында 15 республика бир үй-бүлөдөй биригип жеңишти камсыздады", — деди Малабаев.
Тарыхчы азыркы мезгилге чейин согуш болгон жерлер, белгисиз фактылар дагы деле Россия тарабынан изилденип жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0