Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кененбаева: электрондук айдоочу күбөлүгү жыл соңуна чейин ишке кирет

© Sputnik / Табылды КадырбековСанариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева ушул жылдан тарта 2023-жылга чейин аталган тармактагы иштерди камтыган концепция түзүлгөндүгүн айтты.
2021-2023-жылдар аралыгында өлкө аймагында санариптештирүү багытында жасала турган иш-чараларды камтыган концепция жазылып чыкты. Анын алкагында буга чейин өз алдынча иш алып барып келген беш мамлекеттик орган министрликтин карамагына кирет. Бул тууралуу Асел Кененбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кененбаева: электрондук айдоочу күбөлүгү жыл соңуна чейин ишке кирет
Анын айтымында, концепция боюнча министрлик 2023-жылга чейин санариптештирүү боюнча 33 багытта 130дан ашык иш-чара өткөрүүнү мерчемдөөдө.
"Бүгүнкү күндө биздин электрондук порталыбыз иштеп жатат. Анда жарандар үчүн 100дөн ашуун кызмат көрсөтүлүүдө. Алдыда мындан да көбөйтүп жана сапатын арттыруу максатыбыз бар. Өзгөчө аймактарга интернет жеткирүү, колдонуучулардын кибер коопсуздугун камсыздоо биздин негизги иш пландарыбызга кирет. Ошондой эле жыл аягына чейин электрондук документ колдонууга мүмкүнчүлүк түзгөн тиркемени пилоттук негизде ишке киргизели деп турабыз. Анда айдоочулук күбөлүк жана паспортту колдонсо болот", — деди Кененбаева.
Ал жарандардын санариптик билимин жогорулатуу иштери да концепцияда каралганын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0