Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шамырканова: шаардыктардын 80%ы эмделсе гана популяциялык иммунитет жаралат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова
Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын айтты.
Учурда республикада коронавирустун кооптуу жаңы штаммдары бар. Андыктан ооруп айыккан адамдар да сак болушу керек. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ооруп сакайган адамдагы антитело алты айга гана жетет. Ал эми иштелип чыккан иммунитет жаңы штаммдарга туруштук бере албашы мүмкүн. Бул тууралуу Бакытбүбү Шамырканова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Шамырканова: шаардыктардын 80%ы эмделсе гана популяциялык иммунитет жаралат
Анын айтымында, ден соолугуна көңүл кош мамиле жасап, үйдө өз алдынча дарылангандар болууда.
"Ооругандардын саны көбөйүп өлкөбүздө коронавирустун үчүнчү толкуну башталды. Бул боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги да расмий маалымдаган эле. Ага ылайык тиешелүү чараларды көрө баштадык. Борбор калаада жалпы 23 медициналык мобилдик бригада иштеп жатат. Бейтаптардын саны жогоруласа бригадалар да көбөйтүлөт. Бишкек шаарында вакцинация өз нугунда жүрүп жатат. Учурда 18 миңден ашык адам толугу менен эмделип бүттү. Бишкектиктердин 80 пайызы эмдөөдөн өткөндөн кийин гана популяциялык иммунитет пайда болот. Азыркы көрсөткүч боюнча борбор калаадагы элдин 0,5 пайызы вакцина алды десек болот. Эмделгендердин көбү 65 жаштан жогорку адамдар. Ал эми жаңы алып келинген "Спутник V" препараты бардык адамдарга сайылат. Андыктан вакцинациядан өтүп коюуга чакырам", — деди Шамырканова.
Адис ооруп калган адам дароо обочолонуп, 118 номерине чалып, кайсы вируска чалдыкканы белгилүү болгуча башка адамдар менен контакт болбошу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0