Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алиаскаров: балык чарбасы боюнча РФ менен 1,3 млрд. рублдик келишим бар

© Sputnik / Табылды КадырбековБалык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров. Архив
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров Кыргызстанга былтыр 2 375 тонна балык импорттолгонун айтты.
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда балык чарбачылыгы боюнча түзүлгөн бир топ меморандум бар. Алардын наркы 1 миллиард 300 миллион рублди түзөт. Бул тууралуу Маил Алиаскаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Алиаскаров: балык чарбасы боюнча РФ менен 1,3 млрд. рублдик келишим бар
Анын айтымында, өлкөгө балык көбүнесе Россиядан импорттолот.
"Кыргызстандык кардарлардын арасында да деңиз балыктарын жактыргандар көп. Андыктан алардын талабын канааттандыруу үчүн өлкөгө сырттан да балыктар алып келинет. Балтыр бул көрсөткүч 2 375 тоннага жеткен. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 680 тоннага көптүк кылат. Импорттолгон балыктар көбүнесе Россиядан келет. Ал тургай Россия менен Кыргызстандын ортосунда балык чарбачылыгы багытында түзүлгөн меморандумдар бар", — деди Алиаскаров.
Ал Россиядан селёдка балыктары алып келинерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0