Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Раимкулов: көк бөрүнүн эрежеси өзгөртүлүшү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, улуттук ат оюндары боюнча СССРдин жети жолку чемпиону Төлөндү Раимкулов
КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, улуттук ат оюндары боюнча СССРдин жети жолку чемпиону Төлөндү Раимкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, улуттук ат оюндары боюнча СССРдин жети жолку чемпиону Төлөндү Раимкулов СССР учурунда көк бөрү тарткан өлкөлөр кыргыздын койгон эрежеси менен ойноп келгендигин айтты.
Көк бөрүнүн эрежеси абдан татаалдашып, орой ойнолуп калды. Мындай пикирин Төлөндү Раимкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Раимкулов: көк бөрүнүн эрежеси өзгөртүлүшү керек
Анын айтымында, көк бөрүдө калыстардын ишин күчтөндүрүп, улакчылар жаракат албай турган эреже киргизилиши керек.
"СССР учурунда көк бөрү тарткан өлкөлөр кыргыздын койгон эрежеси менен ойноп келген. Футбол талаасындай аянтчага төрт желекче сайылып, алгач бир улакчы артынан калган көк бөрүчүлөр оюнга чыккан. Ал убакта аттар менен коюп, орой ойногон, улакты эңип жаткан маалда ат менен сүзгөндө дароо калыс тарабынан жазаланган. Мындай эреже менен ойнолгон мелдешти эл абдан берилүү менен көргөн. Азыр оюнда бирин-бири өлтүргөнгө даяр болуп жатышат. Баса белгилей турчу нерсе, оюн учурунда атты камчылап сабоо туура эмес. Мисалы, Европадагы жарыштарда камчы менен атты беш жолу гана чапканга уруксат берет. Ат кайсы учурда чуркап, кайсы учурда жөөлөш керектигин өзү жакшы түшүнөт. Ал акылдуу жаныбар. Андыктан эрежеге өзгөртүү киргизип, себеби жок атты камчылай берген спортчуну оюндан четтетиш керек. Албетте, камчы көтөрө турчу убагы болот", — деди Раимкулов.
Ошондой эле машыктыруучу көк бөрүнү дүйнөлүк аренага чыгарыш үчүн эрежеге алымча-кошумчаларды киргизүү керектигин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0