https://sputnik.kg/20210614/poligon-tashtandy-kajra-ishtetuu-1052854485.html
Назаров: Бишкектин таштандысынан айына 30 млн. сом пайда тапса болот
Назаров: Бишкектин таштандысынан айына 30 млн. сом пайда тапса болот
Sputnik Кыргызстан
"Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын директору Адил Назаров борбор калаадан күнүнө 300 тонна тамак-аштын калдыгы чыга турганын белгиледи. 14.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-14T10:51+0600
2021-06-14T10:51+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
таштанды
полигон
кайра иштетүү
https://sputnik.kg/img/07e5/06/0e/1052856463_0:0:3067:1734_1920x0_80_0_0_e18bfbd8f0a43b7e13d2a75351fbcabb.jpg
Назаров: Бишкектин таштандысынан айына 30 млн. сом пайда тапса болот
Sputnik Кыргызстан
Назаров: Бишкектин таштандысынан айына 30 млн. сом пайда тапса болот
Бишкек шаарынын таштандысынан айына 30 миллион сом киреше тапса болот. Бул тууралуу Адил Назаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, таштандыдан пайда табуу жолдору дүйнөдө эбак эле жолго салынган.Ал чырпыктарды, жалбырактарды полигонго таштабастан майдалап жерге табигый азык катары сээп койсо боло турганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/0e/1052856463_0:0:3067:1928_1920x0_80_0_0_402738bd49ed798c31a7f85ca111467e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
коом, кыргызстан, таштанды, полигон, кайра иштетүү
коом, кыргызстан, таштанды, полигон, кайра иштетүү
Назаров: Бишкектин таштандысынан айына 30 млн. сом пайда тапса болот
10:51 14.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын директору Адил Назаров борбор калаадан күнүнө 300 тонна тамак-аштын калдыгы чыга турганын белгиледи.
Бишкек шаарынын таштандысынан айына 30 миллион сом киреше тапса болот. Бул тууралуу Адил Назаров
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, таштандыдан пайда табуу жолдору дүйнөдө эбак эле жолго салынган.
"Бишкек шаарынан күнүнө 300 тоннадан тамак-аш калдыгы чыгат. Өткөндө Кумтөргө барып келдим. Ал жакта бир тонна тамак-аш калдыгын кайра иштетип, эки суткада органикалык жер семирткич жасашат экен. Натыйжалуулугу жөнөкөй кыктан 3-4 эсе жогору болот. Учурда дүйнө жүзүндө органикалык жер-жемиш, жашылчаларга талап күч. Баасы дагы салыштырмалуу кыйла жогору. Өлкөдө кожогат (малина), кулпунай жакшы өсөт. Ыргытылган тамак-аш калдыктарын кайра иштетип, органикалык жер семирткич даярдалса, дыйкандардын пайдасы өсүп, экспортту көбөйтүүгө мүмкүндүк түзүлмөк. Андан тышкары, бул иш колго алынса полигондон метан чыгып күйбөй калат. Натыйжада экологияга тийгизген терс таасири азаят. Буга утурлай эле пластик, металл, кагазды иштетүү менен айына шаар бюджетине 30 миллион сомдой пайда келтирсе болот. Учурда мунун баарын ар кайсы компаниялар тоноп жатат", — деди Назаров.
Ал чырпыктарды, жалбырактарды полигонго таштабастан майдалап жерге табигый азык катары сээп койсо боло турганын кошумчалады.