17:15 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660

Усубалиев: биотүрдүүлүк боюнча Кыргызстан бай өлкөлөрдүн катарында

Радио
Кыскача шилтеме алуу
36 0 0

Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары бөлүмүнүн башчысы Биржан Усубалиев Кыргызстан биотүрдүүлүк боюнча бай өлкөлөрдүн катарында турарын айтты.

Борбордук Азияда уникалдуу шарты бар өлкө катары үлгү көрсөтүүбүз керек. Мындай пикирин Биржан Усубалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Усубалиев: биотүрдүүлүк боюнча Кыргызстан бай өлкөлөрдүн катарында

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында биологиялык ар түрдүүлүктүн бардык деңгээлинде терс таасирлер күтүлүшү мүмкүн.

"Климаттын өзгөрүшү бардык тармактарга таасирин тийгизүүдө. Мисалы, айыл чарба индустриясында, тамак-аш коопсуздугунда орчундуу көйгөйлөр жаралып жатат. Акыркы маалыматтарды карасак, 1900-жылдардан 2000-жылдарга чейин дүйнөлүк деңгээлде абанын температурасы 1,5 пайызга чейин көтөрүлдү деп айтылууда. Демек, ага карата чара колдонуу керек. Кыргызстан Борбор Азияда уникалдуу өлкөлөрдүн катарында турганы менен акыбалыбыз жакшы эмес. Айыл чарбасында суунун жетишпестиги, таза суу тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөр бар. Биз сыймыктанып айткан мөңгүлөрүбүз корголбой келет. Казылып кеткен жерлердеги өсүмдүктөрдү калыбына келтирип, ордун толуктоо иши турат. Анүчүн өсүмдүктөрдүн генетикалык банкын түзүү керек. Ал жердеги зыяндуу химиялык заттардын чыгышы, суунун булганышы сыяктуу маселелер өзүбүздүн келечегибизге кайдыгер мамиле жасаарыбыздан кабар берип турат. Кыргызстан биотүрдүүлүк боюнча бай өлкөлөрдүн катарында. Андыктан бул тармакка көңүл бурулушу зарыл", — деди Усубалиев.

Ошондой эле адис мөңгүлөр суунун баштапкы ресурсу болгондуктан аны коргоп, кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Эколог Ысык-Көлдү сактап калуунун жолун көрсөттү
Белгилер:
экология, жаратылыш, Мөңгү

ЭҢ МААНИЛҮҮ