Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибрагимов: бүтүрүүчүлөрдүн 10-15%ы дароо эмгек миграциясына кетүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековБашталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов. Архив
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов орто мектепти бүтүргөн окуучулардын 10-15 пайызы чет жакка иштөөгө аттанарын айтты.
Ата-энелердин көпчүлүгү эле балдарынын жогорку билим алуусуна умтулат. Эгер юрист же экономист тууганы болсо, өз перзентин да ошол кесипти аркалоого үндөшөт. Ошол эле учурда баланын кызыгуусун көп деле эске ала беришпейт. Бул тууралуу Бектур Ибрагимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ибрагимов: бүтүрүүчүлөрдүн 10-15%ы дароо эмгек миграциясына кетүүдө
Анын айтымында, эмгек миграциясына чыгардан мурда кесиптик окууларды бүтүрүп алуу маданиятын жайылтуу зарыл.
"Өлкөдө соңку жылдары кесиптик билим берүү бир аз колго алына баштады. Ошого карабай балдарынын жогорку билим алуусуна тырышкан ата-энелер көп. Алар бүтүрүүчүнүн ой-кыялдарына көп учурда көңүл деле бурушпайт. Жыйынтыгында бала окууну аягына чыгарбай таштап коет же башка факультеттерге которулуп кетет. Ошондуктан башынан эле бала менен сүйлөшүп, тескерисинче, аны кайсы бир кесиптин ээси болуп алууга үндөө керек. Өзгөчө азыр көп талап кылынган фермер, тигүүчү, ширетүүчү, крановщик, ашпозчу, куруучу жана башка ушул сыяктуу. Бул кесиптер чет мамлекетке чыкса да жумуш таап кетишине көмөкчү боло алат. Андан кийин эгер баланын каалоосу болсо, жогорку билим алса болот", — деди Ибрагимов.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0