Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алиаскаров: былтыр ЕАЭБге 3 158 тонна балык экспорттолду

© Sputnik / Асылбек БактыбековБалык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров. Архив
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров Кыргызстандан балык эң көп көлөмдө ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатыларын айтты.
Кыргызстандын климаты балык өндүрүүгө абдан ыңгайлуу келгендиктен бул багытта соңку жылдары жакшы өзгөрүүлөр бар. Атап айтсак, акыркы 17 жылдын ичинде эле өндүрүштүн көлөмү 50 тоннандан 5 140 тоннага жетти. Башкача айтканда, 100 пайыздан көбүрөк өлчөмгө өстү. Бул тууралуу Маил Алиаскаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Алиаскаров: былтыр ЕАЭБге 3 158 тонна балык экспорттолду
Анын айтымында, өлкөдө көбүнесе кубулма (радужная форель — ред.) форель балыктары өстүрүлөт.
"2020-жылы Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө 3 158 тонна балык экспорттоду. Басымдуу бөлүгү Россия жана Казакстанга кетти. Ошондой эле 400 килограммды Араб Эмирлигине жибердик. Бизде көбүнесе кубулма балыгы өстүрүлгөндүктөн, алардын ар бир даанасынын наркы 300 сомдон кем болбойт. Ошондуктан былтыр жалпы суммасы 11 миллион 278 миң 571 долларга балык саттык. ЕАЭБ өлкөлөрүнө мындан да көп көлөмдө экспорттоого мүмкүнчүлүк бар", — деди Алиаскаров.
Ал Литвага да көп эмес көлөмдө Кыргызстандан балык чыгарылып турарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0