Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эралиев: Олимпиадага катышууга потенциалым бар болчу, өкүнөм

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-чемпион мира по панкратиону Улан Ералиев
Экс-чемпион мира по панкратиону Улан Ералиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Кармаш урушу боюнча дүйнөнүн чемпиону Улан Эралиев азгантай кыйынчылыкка баш ийип, Олимпиада оюндарына катышпай калганына өкүнөрүн айтты.
Спортто ийгиликке жетүү үчүн башка иштерге азгырылбай, максаттын артынан түшүү керек. Мындай пикирин Улан Эралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Спортбокс" программасына маек куруп жатып билдирди.
Эралиев: Олимпиадага катышууга потенциалым бар болчу, өкүнөм
Анын айтымында, көп жаштардын жашоодо ордун табуусуна, туура максат коё билишине спорт себеп болот.
"Көздөгөн максатка жетүү үчүн олимпиадалык спорттун түрлөрү же генетикалык жактан туура келген спорт болобу, анын өтөсүнө жетүүнү азыркы жаш муунга кеңеш катары айтам. Кичинекей кыйынчылыктарга карабай эркин күрөш менен машыга бергенде Олимпиада оюндарында ийгилик жаратат элем. Ошондуктан кээде өкүнөм. "Балким Олимпиадага барып калат белем" деген ой бүгүнкү күнгө чейин жашап келет. Спортчу талыкпай эмгек кылып, изденүү менен машыгып, дүйнө таанымын жогорулатып отурса сөзсүз ийгилик болот. Эми кийинки муунга башыбыздан өткөн окуяларды, кетирген каталарды кайталабоого кеңеш берип келебиз", — деди Эралиев.
Ошондой эле спортчу убагында ММА боюнча белгилүү дүйнөлүк уюмдар менен келишим түзбөй калганын да кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0