16:50 25 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6605
  • EUR101.1100
  • RUB1.1731

Молдокматов: ишкерлерди текшерүү башталса көмүскө экономика күч алат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
130 0 0

ЖИА ассоциациясынын мүчөсү Толкунбек Молдокматов ишкерликтин айрым түрлөрүн текшерүүгө мораторийди алуу көптөгөн тобокелчиликти жаратуусу ыктымал экенин белгиледи.

Ишкерликтин айрым түрлөрүн текшерүүгө болгон мораторийди алуу бизнесмендерге карата жасалган кысым. Бул тууралуу Толкунбек Молдокматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Молдокматов: ишкерлерди текшерүү башталса көмүскө экономика күч алат

Анын айтымында, борбордон кабыл алынган документтер аймактарда башкача өңүттө ишке ашып калган учурлар бар.

"Тамак-аш ишкерлиги адамдын ден соолугуна таасир эте турган тармак. Ошондуктан санитардык нормалар кынтыксыз аткарылып, эрежелер так сакталышы зарыл. Ишкерлердин арасында ак ниеттери, ошол эле учурда акчанын артынан түшүп пайданы эле көздөгөндөрү да жок эмес. Бирок бизнесмендер мамлекет тарабынан дээрлик колдоого алынбайт. Алар бардык иштерди өздөрү уюштуруп, инвестиция салып аракеттерин көрүүдө. 2018-жылы өкмөттүн токтому менен ишкерлик субъектилерди текшерүүгө мораторий киргенде бизнесмендерге кандайдыр бир деңгээлде жеңил болгон. Эми ошону алып, тамак-аш саткандарды жылына эки жолу пландуу текшерсе, ишкерлерге кысым болуп калат. Борбордон жакшы ниетте айрым документтер кабыл алынышы мүмкүн, бирок ал региондордо тетири аткарылып калууда. Айып салуу каралса ишкер пара сунуштоого мажбур болуп, коррупциянын өрчүшүнө алып баруусу ыктымал. Учурда пандемиядан улам экономика оор абалда, ишкерлик жабыр тартты. Ушул маалда киргизилсе көмүскө экономика күчөйт", — деди Молдокматов.

Ишкер текшере турган органдардын компетенттүүлүгүн жакшыртуу зарылдыгы да бар экенин кошумчалады.

Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:

Тема боюнча

Алтынга тете байлык тоодо таштанды болуп жатат. Малчы Акматов менен маек
Белгилер:
экономика, мораторий, ишкер

ЭҢ МААНИЛҮҮ