Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бакиридин кызы: коронавирустан кийин кыймылда болуу өтө маанилүү

© Sputnik / Табылды КадырбековДене тарбия көнүгүүлөрү менен реабилитациялоо врачы, DzenSoulLook коомдук фондунун эксперти Жаңылмырза Бакиридин кызы
Дене тарбия көнүгүүлөрү менен реабилитациялоо врачы, DzenSoulLook коомдук фондунун эксперти Жаңылмырза Бакиридин кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Дене тарбия көнүгүүлөрү менен реабилитациялоо врачы, DzenSoulLook коомдук фондунун эксперти Жаңылмырза Бакиридин кызы коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүү боюнча кеңеш берди.
COVID-19 менен ооруп айыккан соң адам кыймылда болуп туруусу өтө маанилүү. Бул тууралуу Жаңылмырза Бакиридин кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Бакиридин кызы: коронавирустан кийин кыймылда болуу өтө маанилүү
Анын айтымында, вирус менен ооруп айыккан адамдарга кечки сейилдөө пайдалуу.
"Коронавирустан айыккан соң муну жасоо керек же жасабаш керек деген так көргөзмөлөр азырынча жок. Бирок дүйнө медиктери бир нерсени түшүнүп калдык. Бул вирустан айыгып келе жаткан кезде бейтапка кыймыл өтө маанилүү экен. Кыймыл десе эле кара терге түшүп спорттук көнүгүүлөрдү жасоо эмес, ар ким ошол учурдагы абалына жараша кыймылда болушу кажет. Эңкейип бир гүлгө суу куйса да ошол кыймыл. Оору катуу болгон учурда жаткың эле келет, бирок ошондо да жок дегенде бут, колдун манжаларын кыймылдатып туруу керек. Ал эми адам өзүн бир аз жакшы сезип калганда кечкисин сыртка чыгып сейилдесин. Сейилдөөдө жай баспай, машыгуу режиминдегидей бир аз батыраак кадам таштап, кайра жайлап эс алып, андан соң басыгын ылдамдатып отурса дем алуу органдарынын калыбына келишине, кан айланууга оң таасирин тийгизет", — деди Бакиридин кызы.
Дарыгер спорт менен алектенип жүргөн адамдарга коронавирус менен ооруп айыккан соң машыгуусун жарымына чейин азайтып, улам жогорулатып отуруп мурдагы калыбына келтирүүнү сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0