Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кадыров: биогумус арыктаган жерди 10-15 жылда калыбына келтирет

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба тармагындагы эксперт Арстан Кадыров
Айыл чарба тармагындагы эксперт Арстан Кадыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Айыл чарба тармагындагы эксперт Арстан Кадыров химиялык жер семирткичтерди колдонуу менен жер кыртышы бузулуп жатканын белгиледи.
Органикалык жол менен өстүргөн азык-түлүктөргө талап жыл санап көбөйүүдө. Анткени алар адамга химиялык ыкма менен өстүрүлгөн продукциялардай зыянын тийгизбейт. Бул тууралуу Арстан Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кадыров: биогумус арыктаган жерди 10-15 жылда калыбына келтирет
Анын айтымында, органикалык жер семирткич менен өстүрүлгөн айыл чарба продукциясынын курамында пайдалуу витамин, минералдар сакталып калат.
"Дүйнөдө органикалык жол менен өстүргөн азык-түлүктөргө талап жыл санап күчөөдө. Анткени алардын адамга химиялык ыкма менен өстүрүлгөн продукциялардай зыяны жок. Кыргызстан бул багыттагы потенциалы абдан жогору. Тилекке каршы, биз химиялык жер семирткичтерди колдонуу менен жердин кыртышын арыктатып, деградацияга учураттык. Ошондуктан акырындан кадам таштап органикалык жер семирткичтерди колдонууга өтүү зарыл. Соңку учурда ошол эле биогаз иштетүү менен жер семирткич чыгаруу колго алынууда. Бирок аны алуу технологиясы кымбатыраак болгондуктан, малдын кыгынан сөөлжандын жардамы менен иштелип чыккан биогумуска өтүү керек. Мына ушул органикалык жер семирткичтерди колдонуп, өлкөнүн айыл чарба жерлерин 10-15 жылда калыбына келтирсе болот", — деди Кадыров.
Эксперт дыйкандарга органикалык жер семирткичтер боюнча маалымат жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Жаңылыктар түрмөгү
0