Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Каримов: биогумустун жардамы менен түшүмдү эки эсе өстүрүүгө болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Асан-Ата Биогумус" айыл чарба кооперативинин төрагасы, эксперт Мамазакир Каримов
Асан-Ата Биогумус айыл чарба кооперативинин төрагасы, эксперт Мамазакир Каримов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
"Асан-Ата Биогумус" айыл чарба кооперативинин төрагасы, эксперт Мамазакир Каримов сөөлжандын жардамы менен малдын кыгынан биогумус өндүрсө боло турганын белгиледи.
Биогумустун жардамы менен түшүмдү эки эсе өстүрүүгө болот. Бул тууралуу Мамазакир Каримов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Каримов: биогумустун жардамы менен түшүмдү эки эсе өстүрүүгө болот
Анын айтымында, жердин абалына жараша бир гектарга жети тоннага чейин биогумус себилет.
"Биогумус — бул сөөлжандын жардамы менен иштелип чыккан малдын кыгы. Ал жерди семиртүүгө, органикалык азык-түлүк алууга көмөк берет. Курамында азот, фосфор, калий, кальций жана башка көптөгөн элементтер бар. Аны жердин кыртышына жараша берет. Маселен, жер абдан эле арык болсо, ага гектарына жети тоннага чейин биогумус сепсе болот. Натыйжада түшүмдү эки эсе көбөйтүүгө жол ачылат. Соңку төрт жыл аралыгында ар кандай тажрыйбаларды жасап, акыркы эки жылдан бери фермерлерге сунуштап баштадык. Башында биогумусту акысыз сунуштадык, натыйжасынан кийин алар, аны көргөндөр сатып алышууда. Учурда баасы килограммына 25 сомдон. Бул айрым химиялык жер семирткичтен бир аз кымбат болгону менен жерди деградация кылбайт. Ошондой эле органикалык азык-түлүк алууга мүмкүндүк түзөт", — деди Каримов.
Ишкер сөөлжандын өзүн сатып бизнес кылуу дагы кирешелүү экенин кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Жаңылыктар түрмөгү
0