Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Зарылбек уулу: пробация кардарлары дээрлик кайра кылмышка барбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЮстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу
Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу пробация институту гумандуу иш алып барууга басым жасай турганын айтты.
Пробация департаменти алгач 9 200 кардар менен ишин баштаган. Мөөнөтү бүткөн соң алардын 0,67 пайызы гана кайрадан кылмышка аралашканы белгилүү болду. Бул тууралуу Алмазбек Зарылбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Зарылбек уулу: пробация кардарлары дээрлик кайра кылмышка барбайт
Анын айтмында, жабык абактарда өзүн үлгүлүү көрсөткөн мыйзам бузуучулар да ал жактан Пробация институтуна которула алат.
"Пробация институтунун түзүлгөн максаты — жазалоо аракеттерин гумандуулук менен ишке ашыруу болгон. Бул өз жемишин берди десек жаңылышпайм. Анткени аталган департамент түзүлгөндө 9 200 кардары бар эле. Алар пробациядан өтүп кеткен соң болгону 0,67 пайызы гана кайрадан уурдоо, тоноо, алдамчылык сыяктуу кылмыштар менен мыйзам бузушкан. Ал эми 2020-жылы 16 905 кардардын ичинен 0,53 пайызы кылмышка аралашкан. Мунун баары пробациялык жазалоонун жыйынтыгы десек болот. Демек, өтө оор эмес кылмыш жасаган жарандардын жазасын катуулатпай, камабай эле гумандуу жазалоо менен аларды мыйзам бузуулардан четтетсе болот экен", — деди Зарылбек уулу.
Ал мыйзамдар инвентаризацияланып бүткөн соң деле гумандуулукка басым жасала берерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0