Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алиаскаров: Кыргызстан балык өстүрүүгө ыңгайлуу өлкө

© Sputnik / Табылды КадырбековБалык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров таза суу жана ыңгайлуу климатка байланыштуу Кыргызстанда балык өстүрүү мүмкүнчүлүгү жогору экендигин айтты.
2003-жылдан бери өлкөдө балык өндүрүүнүн көлөмү 100 эсе өстү, көмүскө иштеп жаткан фермерлердин саны кошулса көрсөткүч дагы көтөрүлөт. Мындай маалыматты Маил Алиаскаров Sputnik радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Алиаскаров: Кыргызстан балык өстүрүүгө ыңгайлуу өлкө
Анын айтымында, 2020-жылдын жыйынтыгы менен жалпы өндүрүлгөн продукциянын ичинен 3158 тонна балык экспорттолду.
"Кыргызстанда балык чарба тармагы пандемия башталганга чейин өнүгүү жолуна түшкөн. Ал эми карантиндик режим учурунда да элди таза азык-түлүк менен камсыз кылуу биздин приоритеттүү багыттарыбыздын бири болду. Таза суу жана ыңгайлуу климатка байланыштуу Кыргызстанда балык өстүрүү мүмкүнчүлүгү жогору. Сандарга таянсак, 2003-жылы балык өндүрүүнүн көлөмү жылына 50 тоннаны гана түзгөн. Ал эми 2020-жылдын аягында бул көрсөткүч 5 140 тоннага жетти. Эгерде көмүскө иштеп жаткан фермерлердин санын кошсок, жыйынтык эселеп өзгөрөт. Демек, 2003-жылдан бери өлкөдө балык өндүрүүнүн көлөмү 100 эсе өстү. 2020-жылдын жыйынтыгы менен жалпы өндүрүлгөн продукциянын ичинен 3 158 тонна балык экспорттолду. ЕАЭБ алкагында Россия жана Казакстанга көп көлөмдө жиберилди. Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмирлигине 400 килограмм балык жөнөттүк. Араб өлкөлөрүнүн биздин балыктарга кызыкчылыгы бар экенин түшүндүк", — деди Алиаскаров.
Ошондой эле адис балык чарбасында кайра иштетүүгө көңүл бурулса экономиканын абалын жакшыртууга зор салым болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0