Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Калиева: чылымда адам ДНКсына залал келтирген заттар бар

© Sputnik / Асель СыдыковаСпециалист РЦ укрепления здоровья и массовой коммуникации Анара Калиева
Специалист РЦ укрепления здоровья и массовой коммуникации Анара Калиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация республикалык борборунун дарыгери, пульмонолог Анара Калиева чылым чегүү гормондордун бузулушуна алып келерин айтты.
Тамекиде адамдын ДНКсына залал келтире турган уулуу заттар бар. Анын кесепетинен балдар кемтик менен төрөлүп калышы ыктымал. Бул тууралуу Анара Калиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Калиева: чылымда адам ДНКсына залал келтирген заттар бар
Адистин айтымында, атасы же энеси чылым чексе алар кесепетин тартпай, бирок ымыркай кант диабети, бронхиалдык астма илдеттери менен төрөлүп калышы мүмкүн.
"Тамеки чегүү гормондорго да таасирин тийгизет. Ал тукумсуздукка чейин алып келет. Тилекке каршы, Кыргызстанда азыр так ушул себептен жабыркагандар көбөйүүдө. Ошондой эле чылым чегүү бардык органдарды жабыркатып, көздүн көрүүсүн начарлатат, кулак-мурун ооруларын пайда кылат. Мындан сырткары, көп учурда тамеки чеккен адамдын жанында туруп, анын түтүнүнөн дем алган жаш балдардын мээсинин калыптанышы жайлап, интеллектуалдык жактан өсүшү начарлайт. Эгер кош бойлуу аял чылымдын түтүнүн жыттаса, түздөн-түз түйүлдүккө зыян. Тамекинин адам организми үчүн келтирген залалдары олуттуу экенине карабай жылдан-жылга ага азгырылгандар көбөйүп жатат. Буга адамдардын андан алган зыяндын кесепетин дароо сезбегени себеп. Ар түрдүү оорулар 10-20 жылдан кийин чыга баштайт. Ошону билип туруп да чылым чегүүнү уланткан адамды өз жанын акырындык менен кыйган кишиге салыштырса болот", — деди Калиева.
Дарыгер тамекинин түтүнү башка түтүндөр менен салыштырмалуу төрт эсе уулуу келерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0