Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Надырова: чек арадагы айылдарда убактылуу жашырынуучу жер болушу зарыл

© Sputnik / Асель СыдыковаЗампредседателя айыльного кенеша Кулунду Лейлекского района Сабриниса Надырова
Зампредседателя айыльного кенеша Кулунду Лейлекского района Сабриниса Надырова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Сабриниса Надырова чек ара маселелеринде аялдардын орду чоң экенин айтты.
Чек арага жакын жайгашкан айылдарда кагылышуулар келип чыкканда аны чечүүгө аялдарды кошуу зарыл. Анткени мындай учурда эркектер мекенди коргоо, айылга агрессорлорду киргизбөө менен алек болушса, дүрбөгөн эл, кары-картаң, жаш-балдарга ошол учурда социалдык, психологиялык көмөк көрсөтүү аялдарга жүктөлүп калат. Мындай пикирин Сабриниса Надырова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Надырова: чек арадагы айылдарда убактылуу жашырынуучу жер болушу зарыл
Анын айтмында, чек арада жайгашкан айылдарга убактылуу жашырына турган жайлар даярдалуусу талапка ылайык.
"Апрель айында болуп өткөн тажик-кыргыз коогалаңында биздин айылдан да каза тапкандар болду. Анын ичинде 12 жаштагы Мадина кызыбыз бар. Жабыркагандар ондоп саналат. Мындай учурда ар кандай окуялардын кесепетинен тигил же бул аракети үчүн жоопкер болуп калган да жарандар кездешүүдө. Мисалы, ошол окуяларда айылга ок, снаряддар мөндүрдөй жаап турганда жугуштуу оорулар бейтапканасында жаткандар эвакуацияланган. Аларды өз туугандары келип алып кетишкен. Бирок бир карыя жалгыз калган. Анын балдары тез жардам унаасы менен алып келип берүүнү өтүнүшкөн. Ооруканада санитардык кызматкер менен медайым ал аксакалды кайтарып отурушкан. Снаряддан корккон медиктер автоунаа таап, карыяны аман-эсен туугандарына жеткиришкен. Бирок алар эми эреже боюнча иш учурунда постту таштап кеткен болушууда. Андыктан мындай окуяларда калкты жайгаштырып туруу үчүн атайын коопсуз жайлар даярдалса жакшы болот эле", — деди Надырова.
Ал чек арага жакын жайгашкан аймактардагы депутат аялдарга өз ишин алып баруу өзгөчө түйшүктүү экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0