Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сарыбаев: пенсиянын топтомо фондун 100%га жеткирүү зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековДоктор экономических наук, профессор Айылчы Сарыбаев
Доктор экономических наук, профессор Айылчы Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев пенсиянын топтомо фондун алтынга же кыймылсыз мүлккө байлоо туура эместигин белгиледи.
Пенсиянын топтомо фондун 100 пайызга жеткирүү зарыл. Бул тууралуу Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Сарыбаев: пенсиянын топтомо фондун 100%га жеткирүү зарыл
Анын айтымында, учурда пенсиянын топтомо фонду 13 пайызды гана түзөт.
"Базар экономикасына өткөндөн кийин ошого жараша пенсиялык система болушу шарт. Тилекке каршы, өлкөдө пенсиялык реформа толук кандуу ишке ашпай, топтомо фонд 13 пайызды түзөт. Башкача айтканда, бул бөлүгү адамдын жеке эсебине кетет. Калганы бюджеттин дефицитин жабууга жумшалууда. Топтомо фондду 100 пайызга жеткирүү зарыл. Ал үчүн көмүскө экономиканы жокко чыгарып, коррупцияны жоюу шарт. Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган пенсиянын топтомо фондун алтынга жана кыймылсыз мүлккө байлоо боюнча мыйзам долбоору туура эмес кадам. Себеби өлкөдө алтындын саны жыл сайын азайып, кепилдик боло албайт. Тескерисинче, ал каражатты инвестицияга салып, ири компаниялардын акцияларына жумшаса жакшы натыйжа берет. Ошол эле энергетика, жеңил өнөр жай тармагы келечектүү. Бул багыттардагы коррупцияны жоюп, акцияларын сатып алуу менен ал ишканаларды өнүктүрсө болот", — деди Сарыбаев.
Экономист пенсиянын топтомо фондундагы каражатты кыймылсыз мүлккө салуу ар кандай тобокелчиликтерден улам тийиштүү натыйжа бербей турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары пенсиянын топтомо фондун алтынга негиздөө боюнча мыйзам долбоорун сунштап, ал коомдук талкууга коюлган.
Жаңылыктар түрмөгү
0