Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Турдубаева: ар бир адис квалификациясын жогорулатып турушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековОнлайн-университеттин негиздөөчүсү жана ректору Элира Турдубаева. Архив
Онлайн-университеттин негиздөөчүсү жана ректору Элира Турдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Онлайн-университеттин негиздөөчүсү жана ректору Элира Турдубаева билим берүү тармагында санариптик көндүмдөрдү үйрөнүп, стратегиялык пландарды түзүү керектигин айтты.
Жогорку окуу жайлары эми гибриддик онлайн жана оффлайн-окутуу форматына өтүп, маалыматтык технологияларды өздөштүрүүсү абзел. Мындай пикирин Элира Турдубаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Турдубаева: ар бир адис квалификациясын жогорулатып турушу керек
Анын айтымында, эми ар бир адис квалификациясын жогорулатып, өмүр бою билим алып, жөндөмдөрүн илгерилетип турушу керек.
"Эми онлайн-окутуу билим берүүнүн келечеги болот. Өзгөчө пандемиядан кийин жогорку окуу жайлары сөзсүз гибриддик онлайн жана офлайн-окутуу форматына өтүшөт. Демек, инфраструктураны даярдоо, студенттерге, мугалимдерге санариптик көндүмдөрдү, жөндөмдөрдү үйрөтүү керек. Инженердик кесиптерден башка социалдык, гуманитардык багыттагы адистиктер толугу менен санариптештирилет. Учурда жумуш берүүчүлөр буга чейин берилген билим көп учурда жарабай калганын айтышууда. Ар бир адис квалификациясын жогорулатууга муктаждык жаралды. Креативдүү экономикага ылайыкташкан билим алгыла деген сунуштар айтылууда. Ошондуктан студенттер гана эмес бардык жаш курактагы адамдар жаңы багыттарды өздөштүрүүгө умтулуусу кажет. Өмүр бою билим алуу учурдун талабына айланды. Бизде санариптик теңсиздик бар. Тоолуу аймактарда интернеттин жоктугу же аны колдонуу маселеси көйгөй жаратууда. Бул боюнча көп иштер жасалышы керек", — деди Турдубаева.
Ошондой эле адис бардык тармактардын өнүгүүсүнө IT-технологиялардын зарылдыгы болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0