Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибраев: пенсиянын топтомо фондун алтынга салуу пландалууда

© Sputnik / Асель СыдыковаКСДП фракциясынын депутаты Самат Ибраев
КСДП фракциясынын депутаты Самат Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Самат Ибраев өлкөдө пенсиялык реформа жасалбаса 10 жылдан кийин аталган тармак кризиске кептелерин белгиледи.
Пенсиянын топтолмо фондун алтынга жана кыймылсыз мүлккө салуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Самат Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ибраев: пенсиянын топтомо фондун алтынга салуу пландалууда
Анын айтымында, соңку 20 жылда алтындын баасы доллар менен 6,5 эсеге өскөн.
"Азыр пенсиялык реформа жасалбаса 10 жылдан кийин абдан татаал абалга туш болобуз. Учурда иштеген бир адамга бир пенсионер туура келип калды. Дүйнөлүк стандарттарга ылайык, бир пенсионерге иштеген үч адам туура келиши керек. Ошондо гана пенсияны төлөп берүүгө мамлекеттин шарты болот. Бул абалды жөнгө салуу максатында атайын мыйзам долбоорун жазып, сунуштадык. Ага ылайык, пенсиянын топтолмо фондундагы каражатты инфляцияга жеткирбеш керек. Учурда Соцфонддун карамагында пенсиянын топтомо бөлүгү 26 миллиард сомду түзөт. Аны Социалдык фонд депозиттерге, акцияларга салуу аракетин көрүүдө. Бирок бул кооптуу операция. Ошондуктан мыйзам долбоорунда топтомо фонддогу каражаттын 50 пайызын алтынга, калганын кыймылсыз мүлккө салуу сунушталууда. Анткени алтын туруктуу деп эсептелип, соңку кылымда доллар менен 100 эсеге, акыркы 20 жылда 6,5 эсеге кымбаттаган. Улуттук валюта менен бул көрсөткүч 10 эседен ашыгыраак болууда. Башкача айтканда, жарандын 20 жыл мурда социалдык фондго которгон каражаты учурда 10 эсеге чейин наркын жоготуп койду. Ошондуктан ишкерлер соцфондго төлөөгө кызыкпай, көмүскө экономикага кетишүүдө. Жарандар "ошол акчаны конверт менен өзүмө берсең жолун табам" деген принципте болушууда. Пенсиянын топтомо фондун алтынга байлоо менен бул көрүнүш азаят деген ишенимдебиз. Анткени алтындын баасы тынымсыз өсүп жатат, демек жарандардын акчасынын куну түшпөйт", — деди Ибраев.
Депутат өздүк эсепте топтолгон каражаттын 50 пайызын кыймылсыз мүлккө салуу менен өлкө экономикасына салым кошсо боло турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0