Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аматов: түйүлдүктүн алгачкы 12 жумасы анын саламаттыгынын өзөгүн түзөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовБалдар кардиологу, медицина илимдеринин кандидаты Данияр Аматов
Балдар кардиологу, медицина илимдеринин кандидаты Данияр Аматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Балдар кардиологу, медицина илимдеринин кандидаты Данияр Аматов дени сак бала төрөлүшү үчүн ата-эне экөө тең өз саламаттыгына олуттуу көңүл бурушу керектигин айтты.
Дүйнө жүзүндө ар кандай оорулар менен төрөлгөн балдардын 12-14 пайызы жүрөк кемтиги менен жабыркайт. Бул тууралуу Данияр Аматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Аматов: түйүлдүктүн алгачкы 12 жумасы анын саламаттыгынын өзөгүн түзөт
Анын айтымында, кош бойлуу эненин психикалык абалы да ымыркайдын төрөлгөндөн кийин ден соолугунун чың болушуна таасирин тийгизет.
"Дени-карды соо бала төрөлүшү үчүн түйүлдүк пайда болгонго чейин кам көрүү керек. Ата-эне туура тамактанып, тамеки, ичимдик сыяктуу зыяндуу адаттарын токтотуп, туура жашоо образын тандап, андан кийин гана балалуу болгонго камынуу зарыл. Ошондой эле эненин психикалык абалы да түйүлдүктүн ден соолугуна таасирин тийгизет. Мындан сырткары, өнөкөт оорулары барлар алгач дарыгерлер менен кеңешип, дарыланышы керек. Анткени жогоруда айтылган себептердин бардыгы тубаса оорулуу балдардын төрөлүшүн шартташы ыктымал. Соңку учурларда ата-энелер балалуу болор алдында тийиштүү даярдыктан өтпөй коюп жаткандыктан жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайлар көбөйүүдө. Өлкөдө бул илдет менен жарык дүйнөгө келген перзенттердин саны ден соолугунан кемчилик менен төрөлгөн балдардын 12-14 пайызын түзөт", — деди Аматов.
Ал жети атага жеткирбей туугандар үйлөнүп алган учурда да саламаттыгы начар бала төрөлүп калышы ыктымал экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0