Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абидетегин: балдар журналын, китептерин дыкат текшерген ата-энелер бар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Баластан" интерактивдүү балдар журналынын директору Жаныбек Абидетегин
Баластан интерактивдүү балдар журналынын директору Жаныбек Абидетегин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
"Баластан" интерактивдүү балдар журналынын директору Жаныбек Абидетегин аталган журналды чыгарууда окумуштуу, профессорлордон турган кеңешме топ текшерүүдөн өткөрүп берерин айтты.
Балдар үчүн китеп же журнал чыгаруунун өзүнчө кыйынчылыгы бар. Мисалы, бир ирет бир эже китептин ичиндеги каармандын чачы сары болгондугу үчүн сатып алуудан баш тарткан. Бул тууралуу Жаныбек Абидетегин Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абдытегин: балдар журналын, китептерин дыкат текшерген ата-энелер бар
Анын айтымында, балдар китептери аларга ылайыкташканы менен ата-энелерге жага тургандай болуп жасалышы керек.
"Балдар адабиятын чыгарууда өзүнчө кыйынчылыктар бар. Мисалы, чоңдор үчүн китеп чыгарсаң дароо ал тууралуу пикир уга аласың. Ал эми балдар ал адабиятты ким чыгарганына, оюн кимге билдирсе болоруна көп деле кызыга беришпейт. Көп болсо ата-энеси же мугалими менен талкуулап коёт. Ал бизге жетпейт. Бул өз кезегинде окурман, кардар эмнени каалап жатканын билүүгө тоскоолдук жаратат. Ошондуктан балдар психологиясын түшүнгөн, алардын туура калыптануусуна кандай материалдар керектигин аныктай алган педагог, окумуштуулар менен иштешебиз. "Баластан" интерактивдүү журналынын башкы максаты да ушул. Балдарды эне тилинде ой жүгүртүүгө үйрөтүп, биздин менталитетибизге туура келген тарбияга багыттоо. Журналдын сегиз жылдык таржымалында багытыбызды туура тандап алганыбызга ишендик. Ошондой эле баласына сатып берип жаткан китепке өтө дыкат көңүл буруп, ичиндеги сүрөт, материалдарын текшерип чыккан ата-энелер да кездешет. Бул, албетте, бизди кубандырат", — деди Абидетегин.
Ал аталган журналды алууну каалагандар жергиликтүү почта түйүндөрү аркылуу жазылса болорун кошумчалады.
Подкастты толугу менен видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0