Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Атайбек уулу: олимпиадалык кыялымды уурдап алышкан

© Sputnik / Табылды КадырбековПауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, бодибилдинг жана таяк тартыш боюнча Азиянын чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Келдибек Атайбек уулу
Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, бодибилдинг жана таяк тартыш боюнча Азиянын чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Келдибек Атайбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, бодибилдинг жана таяк тартыш боюнча Азиянын чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Келдибек Атайбек уулу оор атлетика спортунан олимпиада чемпиону болом деген кыялы орундалбай калганын айтты.
Тааныш-билиштиктин айынан курама командага албай, жалдырап келгенде да машыктыруучулар карабай коюшкан. Бул тууралуу Келдибек Атайбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун "Спортбокс" программасына маек куруп жатып билдирди.
Атайбек уулу: олимпиадалык кыялымды уурдап алышкан
Анын айтымында, оор атлетиканы таштап, бодибилдинг спортуна барып, эл аралык мелдештерди уткан.
"Менин спорттук карьерам оор атлетикадан башталган. Эң чоң кыялдарымдын бири — Олимпиада оюндарында өлкө желегин көтөрүп, оор атлетика боюнча ийгилик жаратуу болгон. Буга көп окуялар себеп. Дене тарбия жана спорт академиясына тапшырып, жеке насаатчыман алыстап калгам. Спортто атаандаштык бар. Ага карабастан машыктыруучулар өзүнүн баласын чыгарууга аракет кылат. Олимпиадалык резервдер мектебине келип, курама командага кошуп, потенциалымды ачып, спорттук техникамды коюп бергиле деп жалдыраган күндөр болгон. Жеке өзүмдү гана эмес, машыктыруучулардын да атын чагырып, ийгилик жарата алам деп ишендирген күндө да артын салышкан. Ошого байланыштуу оор атлетика менен коштошком. Алар менин олимпиадалык кыялымды талкалашкан. Убакыт өткөндөн кийин өзүмө келип, бодибилдинг спортуна баргам. Бул менин жашоомду толугу менен өзгөрткөн. Белгилүү бодибилдер Арнольд Шварцнеггерге жолугуп, колун кысып, жолугууну кыялдангам", — деди Атайбек уулу.
Спортчу 2016-жылы Барселонада өткөн бодибилдинг боюнча "Арнольд Классик" турниринде алгачкы ирет Кыргызстандын атынан катышып, белгилүү спортчу Арнольд Шварцнеггер менен жолукканын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын аудиодон угуңуз:
Жаңылыктар түрмөгү
0