Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кулумбетов: электр энергиясын ЕАЭБдин рыногунда сатууну ойлонуу керек

© Sputnik / Асель СыдыковаKyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо долбоорунун инженери Жаныбек Кулумбетов
KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо долбоорунун инженери Жаныбек Кулумбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо долбоорунун инженери Жаныбек Кулумбетов электр энергиясына болгон тарифтик бааны көтөрүү менен аны сатуу жолун да иштеп чыгуу керектигин айтты.
Евразия экономикалык биримдиги рыногунда бирдиктүү бааны түзүп, атаандаштыкка туруштук берүү абзел. Мындай пикирин Жаныбек Кулумбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кулумбетов: электр энергиясын ЕАЭБдин рыногунда сатууну ойлонуу керек
Анын айтымында, энергетикалык компаниялар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, чыгымдарды азайтуу жолу менен тарифти жогорулатпоого шарт түзүшсө болот.
"Бүгүнкү күндө энергетика тармагындагы тариф маселеси көпчүлүктү ойлонтуп келет. Энергетикалык компаниялар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, чыгымдарды азайтуу жолу менен тарифти жогорулатпоого шарт түзсө болот. Эгер тарифтик баа көтөрүлсө, экономикалык абалга өзгөчө көңүл буруу кажет. Себеби эл аралык уюмдар пандемиядан кийин жакырчылык 30 пайызга чейин күчөп кетиши мүмкүндүгүн айтып жатышат. Аны эске ала турган болсок, тариф маселесин өтө кылдаттык менен караш керек. Бирок бааны көтөрбөй коюу да абалды жеңилдетпейт. Анткени Евразиялык экономикалык биримдиктин жалпы рыногуна кошулуп жаткандан кийин бул жакта электр энергиясын сатуу жолдорун да иштеп чыгышыбыз керек", — деди Кулумбетов.
Ошондой эле адис чакан ГЭСтерди куруу аркылуу бир топ маселени чечсе болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0