Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Иманалиев: Ноокат районунун туристтик потенциалы чоң

© Sputnik / Табылды КадырбековНоокат районунун администрациясынын жетекчиси Данир Иманалиев. Архив
Ноокат районунун администрациясынын жетекчиси Данир Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Ноокат районунун администрациясынын жетекчиси Данир Иманалиев аталган аймакта ишти эмнеден баштай турганын айтты.
Ноокат районуна аким болуп келгениме бир жума боло элек. Учурда эл менен жолугушуп, райондун мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү менен жеринен таанышып жатам. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Иманалиев: Ноокат районунун туристтик потенциалы чоң
Анын айтмында, Ноокат районунун туристтик потенциалы чоң.
"Мурда мен жетектеген Ысык-Көл району туристтик аймак болуп эсептелет. Андыктан Ноокатка аким болуп келерим менен бул райондун да аталган багыттагы мүмкүнчүлүктөрүн көрө алдым. Маселен, бул жерде багбанчылык колго алынган. Муну көрүүгө, үйрөнүүгө кызыккан ички саякатчылар аз эмес деп ойлойм. Ошондой эле ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашап жаткан маданияты да туристтерди өзүнө тартат. Ош шаарына жакын жайгашкандыктан дем алыш күндөрү шаардыктар келип эс алып кетүүгө ыңгайлашкан жайларды ачууга болот. Бул Ош калаасынын эли үчүн эс алуу мүмкүнчүлүгү болсо, биздин районго бюджет толтуруунун бир ыкмасы болмок. Бирок бул идеяларды ишке ашырууда алгач инфраструктуралык маселелерди, өзгөчө жол көйгөйүн чечүү тапшырмасы турат", — деди Иманалиев.
Аким райондогу тоо-кен, айыл чарба, өндүрүш, логистика тармактарына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0