Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кафар: Кемин менен Суусамырда жол жээгиндеги комплекс ачылат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Аймактарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун координатору Улан Кафар
Аймактарды туруктуу өнүктүрүү долбоорунун координатору Улан Кафар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
"Аймактарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун координатору Улан Кафар Кемин району менен Суусамыр өрөөнүндө жол жээгиндеги комплекс ачыларын айтты.
Учурда Кеминдеги жол жээгиндеги жай салынып бүттү, жакында ачылат. Ал эми Суусамырдагы комплекс ушул жылдын ичинде бүткөрүлөт. Бул тууралуу Улан Кафар Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кафар: Кемин менен Суусамырда жол жээгиндеги комплекс ачылат
Анын айтымында, комплекстин жергиликтүү бюджетке кошумча каражат алып келиши каралган.
"Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Кемин районунун Боролдой айыл өкмөтүндө жана Суусамыр өрөөнүнүн Париж жолуна жол жээгиндеги комплекс куруп жатабыз. Бул жай региондорду бириктирип, туристтерге, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жана ары-бери каттаган жарандарга шарт түзүп берүү максатында салынууда. Комплексте дүкөн, жергиликтүү продукциялар, кичи базар, эне менен баланын бөлмөсү, кичинекей маалымат бурчу жана ажаткана болот. Учурда Кеминдеги жай салынып бүттү, жакында ачылат. Ал эми Суусамырдагы комплекс ушул жылдын ичинде бүткөрүлөт. Бул долбоор дотациядагы айыл өкмөттөрдү андан чыгарууну көздөйт. Комплекс айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилгенден кийин ал кооператив түзүп, дүкөндү, бөлмөлөрдү жергиликтүү тургундарга ижарага берип иштетип, бюджетке кошумча каражат ала алышат", — деди Кафар.
Координатор "Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун беш жылдык стратегиялык планынын аткарылышына карантин гана бир аз тоскоолдук жаратканы болбосо, бардыгы өз учурунда аткарылганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0