Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бакиров: балага сүйүнчү пул эркинен ажыратылган энелерге дагы берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековЮридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров балага сүйүнчү пулду кантип алуу керектигин түшүндүрүп берди.
Балага сүйүнчү пул энелик укугунан ажыратылгандарга дагы берилет. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Бакиров: балага сүйүнчү пул эркинен ажыратылган энелерге дагы берилет
Анын айтымында, сүйүнчү — бир жолу бериле турган төлөм.
"Балага сүйүнчү төлөмү эркинен ажыратылган энелерге дагы берилет. Аталган төлөмдү алуу үчүн жашаган жери боюнча социалдык кызматка тийиштүү документтер жана арыз менен кайрылуу зарыл. Талап кылына турган документтер: арыз, аны берүүчүнүн паспортунун, баланын же балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү. Ошондой эле жагдайга жараша кайрылмандар көчүрмөсү, ал эми бала асырап алгандар же камкорчулар үчүн соттун тийиштүү чечими тиркелиши зарыл. Мындан тышкары, арыз ишенимдүү адамдар тарабынан берилсе, жарандык мыйзамдарга ылайык таризделген ишеним кат тиркелиши шарт. Сүйүнчү пулду алуу үчүн ата-эненин бири ымыркай төрөлгөндөн алты айга чейин калкты тейлөө борборлоруна же тиешелүү никени каттоо органдарына кайрылуусу керек. Эгерде балдар эгиз же андан көп болсо, ар бирине 4 000 сомдон берилет. Балага сүйүнчү пул алуу үчүн банктын реквизиттери дагы талап кылынат", — деди Бакиров.
Юрист эл аралык келишимдерге ылайык келген башка өлкөнүн жарандары дагы балага сүйүнчү пул алса боло турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0