Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Адис турак жайды камсыздандырууга керектелчү документтерди тизмектеди

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров турак жайды камсыздандыруу эрежелери тууралуу айтты.
Үйдү камсыздандыруунун бир жылдык наркы айыл жерлеринде 600, шаарларда 1200 сом турат. Бул тууралуу Нурсултан Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Адис турак жайды камсыздандырууга керектелчү документтерди тизмектеди
Анын айтымында, камсыздандыруунун мөөнөтү бир жыл болгондуктан убактысы бүтөрдө жыл сайын узартып туруу зарыл.
"Бизде учурда камсыздандыруу маданияты анчейин өнүккөн эмес. Ошого карабай жыл сайын өсүш бар деп айтсак болот. Тилекке каршы, айыл жерлеринде камсыздандыруу маселесине келгенде үйлөрүнүн документи жок, атадан балага сөз жүзүндө мураска өтүп жашап жүргөндөр көп кездешет. Турак жайды камсыздандыруу үчүн үйдүн техникалык паспорту, жарандын паспорту гана керектелет. Эгер мүлктүн мындай документи жок болсо, анда кадастрдык план, инвентардык делосу жарайт. Бул кагаздары да жок учурда айыл өкмөтүнөн "турак жай ушул жаранга таандык" деген справка жана өздүк паспорту менен келиши талап кылынат. Авариялык абалга кептелип, урап калуу алдында турган үйлөр камсыздандырылбайт. Камсыздандырылган там табигый кырсык же өрткө чалдыккан учурда биз ээсине айыл жерлеринде 500 миң, шаарда 1 миллионго чейин төлөп беребиз", — деди Чекиров.
Ал турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу үчүн айыл өкмөт, шаар мэрияларына кайрылса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0