Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жоошбаев: укук коргоо органдарынын колу-буту байланып калды

© Sputnik / Асель СыдыковаВетеран МВД, полковник в отставке Усубалы Жоошбаев
Ветеран МВД, полковник в отставке Усубалы Жоошбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
ИИМдин ардагери, отставкадагы полковник Усубалы Жоошбаев 2019-жылы иштеп баштаган кодекстер коомдук талкууга коюлбай кабыл алынганын белгиледи.
2019-жылы Кылмыш-жазык кодекси кабыл алынган соң ыкчам иликтөө боюнча мыйзам күчүн жоготкон. Натыйжада укук коргоо органдарынын колу-буту байланып калды. Бул тууралуу Усубалы Жоошбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жоошбаев: укук коргоо органдарынын колу-буту байланып калды
Анын айтымында, ал мыйзам күчүн жоготпогондо соңку учурдагы резонанс жараткан кылмыштарды тез ачууга мүмкүнчүлүк болмок.
"2019-жылы күчүнө кирген кодекстерди иштеп чыгуу 2012-2017-жылдар аралыгында жүргөн. Даяр болгон соң ошол учурдагы бийлик башындагылар менен макулдашып, коомдук талкууга коюлбастан бекитишкен. Натыйжада ал эрежелер ишке кирген соң кемчиликтери чыга баштады. Ошондон баштап өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар берилип, бирок кабыл алынган жок. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жүрүп жаткан ишке зыянын тийгизбеши зарыл. Бул кодекстердин кириши менен айрым мыйзамдар күчүн жоготту. Жыйынтыгында укук коргоо органдарынын колу-буту байланып калды. Мисалы, ыкчам иликтөө боюнча мыйзам 2019-жылдагы кодекстер иштеп баштаганда жарактан чыкты. Натыйжада ыкчам иликтөө кызматкерлеринин иш алып баруусуна өз кедергисин тийгизүүдө. Соңку учурда коомдо резонанс жараткан кылмыштар ушул кодекстердин кемчилигинен улам оперативдүү түрдө ачылбай калды. Эгерде ыкчам иликтөө боюнча мыйзам иштеп турганда, бул кылмыштардын бети ашып кетсе бир сутка, болбосо эки-үч сааттын ичинде ачылмак", — деди Жоошбаев.
Ошондой эле ал учурда сунушталып жаткан кодекстердин редакциясы соңку эки жылда топтолгон кемчиликтердин негизинде иштелип чыкканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, өлкөдө 2019-жылы күчүнө кирген Жазык, Жазык-процесстик жана Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин жаңы редакциясы жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөр киргизилип коомдук талкууга коюлду. Демилгечи — башкы прокурор Курманкул Зулушев.
Жаңылыктар түрмөгү
0