Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Калматова: милдеттүү камсыздандыруунун беш түрү бар

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлү Бурул Калматова
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлү Бурул Калматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлү Бурул Калматова өлкөдө милдеттүү жана ыктыярдуу түрдө камсыздандыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.
Милдеттүү камсыздандыруунун беш түрү бар. Бул тууралуу Бурул Калматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө камсыздандыруу иштери 2016-жылдан тарта жүргүзүлө баштаган.
Калматова: милдеттүү камсыздандыруунун беш түрү бар
"2015-жылы мүлктү, турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынган. Аны ишке ашыруу максатында ошол эле жылы Мамлекеттик камсыздандыруу уюму түзүлгөн. Кийин, 2016-жылдын февралында, тийиштүү ченемдик документтер кабыл алынган соң аталган мекеме өз ишин толук кандуу баштады. Негизги максаттарынын бири жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду. Себеби 90-жылдардан кийин өлкөдө камсыздандыруу маданияты дээрлик жок болуп кеткен. Иштеп баштагандан бери көрсөткүчтөр жыл сайын өсүп, андан тышкары, ыктыярдуу камсыздандыруунун жол-жоболору иштелип чыкты. Учурда милдеттүү камсыздандыруунун беш, ыктыярдуу камсыздандыруунун 17 түрү бар. Алар турак жай өрт жана табигый кырсыктарга кабылган учурда төлөнүп берилет. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташыгандар жана жумуш берүүчүлөр да камсыздандыруудан өтүүсү зарыл", — деди Калматова.
Ошондой эле ал аталган мекеме республика боюнча иш алып барарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0