Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ойтпаев: улуттук төлөм системасы 2 миллиондон ашык картаны тейлейт

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук төлөм кеңешинин жетекчиси Айбек Ойтпаев
Улуттук төлөм кеңешинин жетекчиси Айбек Ойтпаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Улуттук төлөм кеңешинин жетекчиси Айбек Ойтпаев өлкөдө эл аралык жана улуттук төлөм системалары иш алып бара турганын белгиледи.
Учурда Элкарт улуттук төлөм системасы 2 миллиондон ашык картаны тейлейт. Бул тууралуу Айбек Ойтпаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ойтпаев: улуттук төлөм системасы 2 миллиондон ашык картаны тейлейт
Анын айтымында, аталган төлөм системанын коопсуздугу дүйнөлүк стандарттарга жооп берет.
"Учурда Кыргызстанда эл аралык жана Элкарт улуттук төлөм системасы иштейт. Элкарт 2004-жылдан бери эл аралык борбордон оператор катары иш алып барып, 2 миллиондон ашык карта тейлейт. Алар Кыргызстанда жана эки-үч өлкөдө жайгашкан. Ал аркылуу банкоматтан акчаны накталай кылса, ПОС-терминалдардан накталап алуу жана интернет аркылуу соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Өлкөдөгү төлөм системалар Банктар аралык процессинг борбору аркылуу тейленет. Ал жүргүзүлүп жаткан төлөмдөрдүн коопсуздугун камсыздайт. Элкарт системасынын коопсуздугу дүйнөлүк стандарттарга ылайык келип, республиканын бардык аймагында тейленет. Ошондой эле төлөмдөр контактсыз жүргүзүлүп, мобилдик тиркемесин 24 саат бою колдонууга мүмкүндүк бар", — деди Ойтпаев.
Ошондой эле ал Элкарт системасы КМШ өлкөлөрүндө иштей тургандай интеграция кылуу аракеттери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0