Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чет өлкөдө ишке орноштурчу агенттиктен эмне талап кылуу керек? Юристтин кеңеши

© Sputnik / Асель СыдыковаЮридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров чет өлкөгө иштөө үчүн кетип жатып эмнелерди эске алуу керектигин айтып берди.
Чет өлкөдөн жумушка орноштура турган агенттикти кылдат тандоо керек. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Чет өлкөдө ишке орноштурчу агенттиктен эмне талап кылуу керек? Юристтин кеңеши
Анын айтымында, чет өлкөдө жумушка орношуу үчүн туристтик виза жарабайт.
"Чет өлкөгө иштегени кетип жатканда жумуш берүүчүнү өлкө ичинде тапкан жакшы. Виза алууда же жөн эле барып албаш үчүн жумуш шарттарын иш берүүчү менен аныктап алган дурус. Андан кийин керектүү документтерди даярдоо зарыл. Кайсы өлкөгө чыгып жатканына жараша шарттары болот. Көбүнчө иштегенге чыккан убакытта мөөнөтү бүтпөй турган жарандык паспорт, жумуш визасы, иш берүүчүнүн чакыруусу, медициналык камсыздоо, ден соолугу жана соттолбогондугу тууралуу тактама сыяктуу документтер талап кылынат. Эгерде ишке орноштура турган агенттик аркылуу кетүүнү мерчемдесеңиз, алар тийиштүү документтерди даярдоону колго алуусу зарыл. Келишимдик негизде жумуш сунуштагандарга артыкчылык берүү керек. Себеби кандайдыр бир тобокелчиликтердин алдын алат. Ишке орноштуруучу агенттикти кылдат тандап, уруксат кагазын же лицензиясын текшерүү шарт. Алар менен кызматташуу жазуу түрүндө, келишимге кол коюу менен жүргүзүлүшү абзел. Ошондой эле алардын кызмат көрсөтүүсү үчүн төлөмдөргө квитанция талап кылуу керек. Колдон келсе чет өлкөгө чыгып жатканда юристтен консультация алган туура. Башка мамлекетте жүргөндө документтерди эки көчүрмө кылып бирин жаныңызда, экинчисин үйдө сактаңыз", — деди Бакиров.
Ошондой эле ал мүмкүнчүлүккө жараша бара турган өлкөнүн мыйзамдары менен таанышып алуу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0