Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбетисаева: жыл сайын 10-20 ташталган баланы өлкөгө кайтарабыз

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлө, балдар, гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамбетисаева
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлө, балдар, гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамбетисаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлө, балдар, гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамбетисаева чет өлкөдө ташталган балдарды алып келүү 2011-жылдан бери колго алынганын маалымдады.
Чет өлкөлөрдөн жылына 10дон 20га чейин ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар алып келинет. Бул тууралуу Гүлнура Мамбетисаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мамбетисаева: жыл сайын 10-20 ташталган баланы өлкөгө кайтарабыз
Анын айтымында, ташталган балдарды 18 жашка чейин өлкөгө алып келүүгө мүмкүндүк бар.
"Жакында Россиядан ата-энесинин камкордугунан ажыраган 11 бала алып келинди. Ага чейин март айында Ирактан 79 жашы жете электер кайтарылган. Чет өлкөдөгү кыргыз балдарынын укугун коргоо максатында мындай иш жыл сайын өткөрүлөт. Ал үчүн мамлекеттен атайын каражат бөлүнөт. Чет өлкөдөгү жарандардын балдары ата-энесинин камкордугусуз калса, ошол жактын тиешелүү органдарынан дипломатиялык өкүлчүлүктөргө же министрликке кат келет. Анан ал бала боюнча маалыматтар топтолуп, медиктердин коштоосунда атайын топ барат. Жылына 10дон 20га чейин бала алып келинет. Былтыр пандемиядан улам байланыш үзүлүп калгандыктан быйыл көбүрөөк бала кайтарылды. Адатта ата-энесинин камкордугусуз калган бала тууралуу маалымат түшкөндө алты айдын ичинде аларды өлкөгө алып келүү зарыл. Былтыр бул иш жүргүзүлбөгөндүктөн быйылкы кайтарылган балдардын арасында экиге чыгып калгандары да болду. Негизи 18 жашка чейинки балдарды алып келүүгө мүмкүндүк бар. Алар социалдык уюмдардын карамагында, психологиялык реабилитациядан өтүп, ден соолугу текшерилет. Андан соң биологиялык үй-бүлөсү менен кошуу аракеттери көрүлөт. Эгерде андай мүмкүндүк жок болсо баланы камкордукка берүүнүн башка жолдору каралат", — деди Мамбетисаева.
Ошондой эле ал мигранттардын арасында пландалбаган бойго бүтүүнүн алдын алуу боюнча иш жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0