Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сарыбаев: Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү приватташтыруу кооптуу

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев өлкөдө мерчемделип жаткан мамлекеттик мүлктү приватташтыруу өз максатына жетери күмөн жаратарын белгиледи.
Коррупция тамырын кеңири жайган Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү приватташтыруу кооптуу. Мындай пикирин Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул демилгени коррупционерлер же приватташтыруунун максатын жана келечегин билбегендер көтөрүп жатышы ыктымал.
Сарыбаев: Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү приватташтыруу кооптуу
"Кыргызстандагы бүлүнүү, талкалануу жана коррупцияга малынуу дал ушул менчиктештирүүдөн башталган. Мамлекеттик мүлк — жалпы элдики деген түшүнүк. Андыктан "мамлекеттики болсо бизге кереги жок, талкалаш керек" деген туура эмес. Аларды курууга эмгек кеткен, карапайым жарандар төлөгөн салыктын эсебинен каражат жумшалган. Мамлекеттин карамагындагы мүлк объективдүү себептер менен рыноктун талабына жооп бере албай, пайданын ордуна чыгашага дуушар болсо приватташтыруу жүргүзсө болот. Баасын түшүрүп туруп сатып жиберүү же бөлүп алуу эмес, анын атайын жолдору бар. Эгерде мамлекеттик ишкана капиталдык салымдарды, инвестицияны талап кылса, бул кадамга барса болот. Ошондо дагы өзүнүн профилин өзгөртпөйт. Чыгарып жаткан продукциясы чыгарыла берет. Кыргызстанда мындай тажрыйба колдонулган жок. Тескерисинче, мамлекеттик мүлктү менчиктештирип алышып, мончо, саунага айландырып, профилдерин өзгөртүп салышат. Дагы бир жагдай, ишкана менчикке берилип жаткандагы шарттар аткарылбаса ал мамлекетке кайтарылып алынышы шарт. Биздин өлкөдө бир дагы мамлекеттик мүлк кайра алынган жок. Ошондуктан коррупция кеңири тамырын жайган Кыргызстанда мындай кадамга баруу кооптуу маселе. Бир болсо муну коррупционерлер же приватташтыруунун маани-маңызын, максатын билбегендер көтөрүп жатат. Учурда коомдо билим деңгээли төмөндөдү, кадрлар жок, криминал күч алды деген кептер айтылууда. Ушундай өлкөдө приватташтыруу туура жүрүшү мүмкүнбү деген суроо жаралат", — деди Сарыбаев.
Экономист приватташтырууну жүргүзүү үчүн мурда менчикке берилген мүлктөрдү инвентаризация жасоо зарыл экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0