Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бакиров: маяна кечиксе иш берүүчү кошумча акы төлөөгө милдеттүү

© Sputnik / Асель СыдыковаЮридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров. Архив
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров пандемия учурунда маяна берилбей жатса эмне кылуу керектигин айтты.
Эгерде маяна алуучу күн майрам же дем алышка туш келип калса, эмгек акы ошол күнгө чейин алдын ала төлөнүшү зарыл. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Бакиров: маяна кечиксе иш берүүчү кошумча акы төлөөгө милдеттүү
Анын айтымында, эмгек акы айына бир жолу сөзсүз төлөнүшү керек.
"Пандемиядан улам иш берүүчүлөр экономикалык кризиске туш болду. Мунун кесепети жумушчуларга дагы тийип, маяна өз учурунда тийбей жатты. Мыйзамга ылайык, эмгек акы айына бир жолудан кем эмес төлөнөт. Эмгек акы төлөө мөөнөтү жамааттык келишимде же уюмдун локалдуу ченемдик актысында белгиленет. Маяна ала турган күн дем алыш же майрамга туш болуп калса, эмгек акы ага чейин төлөнүүсү зарыл. Эмгек келишим токтотулганда бардык төлөнө турган акы иштин акыркы күнүнөн кечиктирилбестен кызматкерге берилет. Иш берүүчү эмгек, өргүү жана башка акыларды төлөөнүн мөөнөтүн бузганда ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызын кошуп төлөөгө милдеттүү. Жумуштан бошотулган учурда иш берүүчү эсептешүү күндөн кечиктирген каражаттын 0,5 пайзын ар бир күн үчүн кошуп төлөшү керек", — деди Бакиров.
Юрист пайыздардын жалпы суммасы негизги төлөнө турган каражаттын 200 пайызынан ашпашы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0