06:38 03 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7897
  • EUR96.0031
  • RUB1.1448

Адис чыныгы остеопатты кантип туура тандоо керектигин айтты

Радио
Кыскача шилтеме алуу
5210

Невропатолог, остеопат Жапарбек Жекишев өлкөдөгү бардык адистер республиканын остеопатиялык ассоциациясына мүчө экенин айтты.

Остеопатка көрүнөрдө адисти кылдат тандоо керек. Себеби алдамчы остеопаттар баланы туура эмес апаптап таңдайын түртүп салган учурлар болгон. Тилекке каршы, аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Ошондуктан чыныгы адис же жалганчы экенин osteopathykg.com сайтынан текшерип алса болот. Бул тууралуу Жапарбек Жекишев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Адис чыныгы остеопатты кантип туура тандоо керектигин айтты

Анын айтымында, остеопатка ооруну алдын алуу үчүн кайрылган жакшы.

"Остеопатиянын 4000ден ашык ыкмасы бар. Эң татаалы краниосакралдык терапия болуп эсептелет. Себеби баш сөөктүн бөлүкчөлөрүнүн кыймылын сезүү, аны калыбына келтирүү көп убакытты талап кылат. Көп учурда оорунун белгилери окшош, бирок анын пайда болуу жана өнүгүү эволюциясы ар башка болот. Алсак, мурун көңдөйүндө шамалдаткан система сыяктуу эки канат бар. Анын бирөө эле иштебей калса адам гайморит же ринит болуп, аллергия кармап, баш ооруйт. Бул оорунун түпкү себебин аныктоо менен жөнгө салынат. Остеопатия температурасы жогорулап турган учурда, канында инфекция бар, онкологиялык, иммундук оорулар менен жабыркагандарга сунушталбайт. Ыкманын негизги мааниси — бул тырышып калган денени жазуу жана органдарды өз ордуна коюу. Себеби адам жаракат алып, стресс болуп ооруганда дене жыйрылат да, организм туура эмес иштеп баштайт. Аталган терапия ымыркайларга да жасалат. Себеби бала төрөлөр алдында омуртка, ички органдары жыйрылып, кичинекей болуп, сыртка чыгууга даяр болот. Бала төрөлгөндө өпкөсү абага толуп, денеси жазылышы керек. Муну жыйналган парашюттун ачылганына салыштырсак болот. Эгер наристе өз учурунда төрөлбөсө, ал кыйналып, денеси тырышкан бойдон жазылбайт. Сыртынан билинбегени менен бара-бара баланын тили чыкпай, кыймылы начар болуп, айтор, өрчүүсү бузулат. Ошондуктан Францияда ар бир төрөт үйүндө остеопат бар", — деди Жекишев.

Адис чыныгы остеопаттын жогорку медициналык билими жана сертификаты болушу керектигин айтып, кардарлар ушул нерсени талап кылуу керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Невролог Батыров: остеохондроз күчөп отуруп грыжага айланат
Белгилер:
медицина, алдын алуу, Жапарбек Жекишев, остеопатия

ЭҢ МААНИЛҮҮ